ПрезидентСаясат
Маанилүү

Жылдызкан Жолдошова президенттин Садыр Жапаров боюнча берген убадасын эсине салды

Экс-депутат Жылдызкан Жолдошева өзүнүн коомдук тармактагы баракчасы аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду.

Садыр Жапаров менен Каныбек Осмоналиевке боштондук берүүсүн президенттен суранган экс-депутат президентке адилеттүүлүк мыйзамдан жогору экенин айтып, президенттин берген убадасын эсине салды.


Кайрылуунун тексти:

Бүтүндөй, мусулман мекендештерибизди айт маарек болсун деп куттуктоо менен…болуп жаткан апааттан элибиз менен биргеликте, аман-эсен чыгып кетели. Ар бир үйдө бакубаттуулук болсун.
Урматтуу Сооронбай Шарипович, 2-март 2020-жылы сиз менен жолукканда, Садыр Жапаровдун тагдырына кайдыгер карабай турганыңызды айтып, адвокаттын кайрылуусун тийешелүү ведомостволорго жөнөткөнүңүз, албетте баарыбызды кубандырды.

Тилекке каршы, эпидемия башталып, Сиз болгон тажрыйбаңызды, күчүңүздү, убактыңызды элибизди апааттан сактап калууга жумшадыңыз. Кыргызстандын ар бир жараны, колунан келген жардамын бири-бирине бүгүнкү күнгө дейри көрсөтүп келишет. Кыргыз кыйын учурда, бир муштум болуп бириге алаарына дагы бир жолу күбө болдук… Сиздин, апаатка каршы жасаган бүт эмгегиңизди баалай алдык жана ыраазычылык билдиребиз.

Орозонун эң ыйык күнү, бул айт күнү… ушул күндөрү Сизден, көптөгөн жарандарыбыз Садыр Жапаровту боштондукка чыгарууга көмөк көрсөтүүңүздү суранып жатышат. Мен дагы, Сизден 5-6 жолу сурандым… Бүгүн да суранып кетейин Садыр Жапаров менен Каныбек Осмоналиевке боштондук берсеңер.

Чингиз хан айткан экен: » Справедливость-выше чем закон», » Адилеттүүлүк-мыйзамдан жогору»-деп. Сооронбай Шарипович, адилеттүүлүктү орнотуп коюу бир гана Сиздин колуңузда.

Сизди урматтоо менен, Жылдыз Джолдошова.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close