ВидеоКоомМаданият
Маанилүү

Журналист Бейшенбек Бекешов дүйнөдөн мезгилсиз кайтты

Журналист Бейшенбек Бекешов 27-декабрда, саат 12:30 чамасында жүрөгү кармап каза болгонун жакындары “Азаттыкка” билдиришти.
Бейшенбек Бекешов 61 жашта эле. Жакындарынын айтуусунда, маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Балбай айылында жерге берилет.

Бейшенбек Бекешов кыргыз журналистикасында аты таанымал, КТРК, ЭлТР телеканалдарында жетекчилик кызматтарда иштеген.

1990-жылдары ал КТРдеги “Коломто” автордук программасы аркылуу көпчүлүккө таанылган.

Акыркы жылдары ал ишкерлик менен алектенип, Бишкекте «Айыл азыгы» деп аталган дүкөндү иштетип жаткан.

Б.Бекешов пост-советтик Кыргызстандагы коммунисттик цензурадан эркин медианын өнүгүшүнө зор салым кошкон, айырмалуу автордук берүүлөрдү уюштурган кадыр-барктуу журналисттердин бири болчу.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт