Коом
Маанилүү

Жумабеков: “Ит үрө берет, кербен жүрө берет”

Сабырбек Жумабеков бир тууган иниси Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламентте көп жакшы иштерди жасап жаткандыгын айтты.

Анын айтымында, төрага Кыргызстандын машстабында жана өзү шайланган Талас облусунда мектеп, бала бакчаларды салдырып, суу чыгартып, жол курдуруп жатат.

-Ал тууралуу Таластын эли өзү айтып берет. Таластан сырткары Нарын аймагында да көп иштерди жасады.  Дастан өзү кичи пейил, жөнөкөй жигит, үн чыгарбай иштей берет. Өзүңөр көрүп жатасыңар, парламентте ызы-чуу жок, ар бир депутат менен тил табышып иштеп жатат. Бирөөнү урушкан, кемсинткен, басынткан жок. Душмандар, кара ниет адамдар гана анын атын булгап жатат. Орустар айткандай, ит үрө берет, кербен жүрө берет. Мен Дастанга жолукканда дайыма дем берип, «Эл үчүн иштей бер. Элдин эсинде майда-чүйдө нерселер менен эмес, кабыл алган мыйзамдарың менен каласың», — деп айтып турам.

Ал эми жеке өзү жалпы парламентке сын айтпай турганын, алар эл тарабынан шайланганын эске салды.

Кошумчалай кетсек, Дастанбек Жумабеков 2017-жылдын 25-октябрында Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button