Окуялар

“Жоогазын ыңкылабына” 15 жыл болду

Кыргызстандын саясий тарыхында “Жоогазын ыңкылабы” деген ат менен белгилүү март окуясына быйыл 15 жыл толду. 2005-жылы 24-мартта нааразычылыгын билдирип чыккан миңдеген адамдардын күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл бою мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин режими кулатылган.

Толкундоолор марттын башында Жалал-Абадда башталып, өлкөнүн булуң-бурчуна жайылган. Акаев мамлекеттен качып, Орусиядан башпаанек алган.

Бийликке оппозициялык кыймылдын башчысы Курманбек Бакиев келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылаптан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

24-март 2012-жылга чейин жылнаамада кызыл менен жазылып, эс алуу күнү катары саналып келген. Кийин Жогорку Кеңештин токтому менен алып салынган. 2016-жылы президенттин жарлыгы менен “Эскерүү күнү” деп бекитилген.

Булак
"Азаттык"
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button