БийликВидеоЖогорку КеңешОкуяларСаясат
Маанилүү

Жогорку Кеңештин маалымат катчысы Жумабековдун видеосу боюнча түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков кайрадан социалдык тармактарда талкуу чордонунда калды. Буга жакында эле интернетке тарап кеткен видео себеп болду. Ал видеодо улакчынын формасын кийип турган спикер жанындагыларга:

«Туяк – атты сактайт, ат – эрди сактайт! Мисалы мен айылда өскөм жана кичинемден бери ат минип чоңойгом» деп айтып жатканын угууга болот. Бирок, аз өтпөй спикер атка минерде үзөңгүгө бутун салбастан жардамчысы бутунан көтөрүп, кайра ээрден шыпырылып калганын көрүүгө болот.

Бул видео талкуу жаратып жатканда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу фейсбуктагы баракчасына видео качан тартылганы тууралуу төмөнкүдөй пикир калтырды:

«Төраганын атка мине албай калганы тууралуу бир ооз кеп. “Бул окуя 2019-жылы 23-февралда журналисттер менен депутаттардын ортосундагы улак тартышта болгону чын. Социалдык тармактарга тарап кеткен кечээги видеону шайлоо жакындаганда жакшы монтаждалып, музыканын коштоосу менен кайра-кайра аттан кулагандай көрсөтүлгөнүн тамаша катары кабыл алдык”,- деп маалымат таратты Жогорку Кеңештин маалымат катчысы Ибраим Нуракун уулу.

Маалымат катчы сөзүнүн аягында “аттан кимдер гана кулабайт” деп белгиледи.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button