БийликЖогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеште спикер Канат Исаевге каршы кол топтоп жатышат

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңеште депутаттар спикер Канат Исаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча кол топтоп жатышат. Маалыматты депутат Сайдулла Нышанов («Ата Мекен») тастыктады.

Бирок ал бул демилгеге кол койбогонун билдирди.

Ал эми Өмүрбек Бакиров жана Улугбек Ормонов кесиптештеринин мындай сунушун угушпаганын айтышты.

Кулуарда Жогорку Кеңештин төрагалыгына Талант Мамытовдун («Республика – Ата Журт») талапкерлиги сунушталып жатканы тууралуу айтылууда.

Ал эми Мамытов өзү бул боюнча: «Ал тууралуу айтуу эрте, анткени бул парламент. Депутат катары бул жакта аткара турган өзүмдүн тапшырмаларым бар – бул мыйзам чыгаруу. Жакында референдум өткөрүү маселесин кароо пландалууда. Конституциянын долбоору дагы бул жакта жарандык коомдун катышуусунда талкууланат. Мен азыр айта албайм, демилгеленип жатат (спикерге каршы кол топтоо). Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш чечим чыгарат. Мага азырынча эч ким кол койдуруу үчүн келе элек», – деди.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button