Мыйзам жана укукСаясат
Маанилүү

ЖМК: Сыймык Жапыкеев ушул жумада камалышы мүмкүн

Маалым болгондой, Мелис Аспеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасына каршы көрсөтмө берди.

«Кыргыз Темир Жолунан» 250 миң доллар талап кылгандыгы үчүн кармалган жарандык активист Мелис Аспеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Каржы полициясы) башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу бир катар интернет-басылмар өзүнүн ишеничтүү булактарына шилтеме берүү менен жазат.

Каржы полициясынын башчысы ушул жумада камакка алынышы мүмкүн экендиги белгиленди.

Маалыматка ылайык, Аспеков тергөө учурунда ошол 250 миңдин 50 миң доллары Жапыкеевге арналган деп айткан.

Эске салсак, 9-январда жарандык активист Мелис Аспеков жана ишкер Улан Жураев 2021-жылдын 9-мартына чейин «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылгандыгы үчүн УКМКнын СИЗОсунда камакка алынган.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт