КоомМыйзам жана укук
Маанилүү

Жетим-Тоону коргоо кыймылынын төрагасы Тилекмат Кудайбергенов кармалганы кабарланууда

Бул тууралуу саясатчы Жеңиш Молдокматов кабарлады.

«Куугунтуктан азап чегип, запкы көргөн бийлик бул кадамыңар жеткен наадандык! Буга чейин бийликтин кемчилигин, туура эмес жолго баратканын айтып жүргөн Тилекмат Куреновду азыр ГУБОПго алып кетишиптир.

Урматтуу журналистер, коомдук-саясий ишмерлер, кадырлуу кыргыз эли Тилекмат Куреновго ойлонулуп жазалган кине коюлушу мүмкүн. ГУБОПго баратабыз. Маалымат берип турабыз.»

Жарандык активист Тилекмат Куренов баштаган бир нече адам 18-декабрда баш калаа Бишкектеги Ала-Тоо аянтына Жетим-Тоону чет элдик ишкерлерге колдонууга бербөөнү талап кылып акцияга чыгышкан.

Башка дагы бир нече тынчтык акцияларын өткөрүп, бийликти сындап келген.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт