КоомЭкология
Маанилүү

Жетим-Tоону коргоо кыймылына кысым болуп жатканы айтылды

Жарандык активист Тилекмат Куренов баштаган бир нече адам 18-декабрда баш калаа Бишкектеги Ала-Тоо аянтына Жетим-Тоону чет элдик ишкерлерге колдонууга бербөөнү талап кылып акцияга чыгышкан.

Акцияны уюштурган Куренов Жетим-Тоону коргоо боюнча атайын кыймыл түзүп, өзү төрага шайланганын «Фейсбуктагы» баракчасындагы түз эфиринде маалымадган.

«Биздин максат — Жетим-Тоонун бир да ташы, куму коробосун, келечек муунга жаратылышты бузбай сактап берели деп жатабыз», — деди ал.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=2782214795385068&id=100007897244992

Нарындын Таш-Башат айылыынын тургундарынын чакыруусу менен барган Жетим-Тоону коргоо боюнча атайын кыймылдын активисттери бул кыймыл түзүлгөндөн тарта басым болуп жатканын айтып кайрылды:

«Жетим-тоону коргоо кыймылы түзүлгөндөн кийин бизге бут тосуулар, басым-кысымдар абдан күчөдү. Ар кандай аты жазылбаган фейктерди агытып, «силер душмансыңар», «өзүбүз иштетпегенде ким ишетет?» дешет. Биз азыр Кара-Кечени тыңгылыктуу иштете албай көчүрүп жибердик, аны кой таштанды полигонун да иштете албай келебиз, туугандар.»

Садыр Жапаров премьер-министр болуп турганда уюштурган басма сөз жыйындарынын биринде Жетим-Тоодо 50 млрд. тоннадай темир кени бар экенин белгилеп, аны чийкизат түрүндө сатса, анын эсебинен бир жылда 1 млрд. долларды төлөсө болорун билдирген.

Коомдук-саясий чөйрөдө «Жетим-Тоодогу темир кенин тышкы карыздардан кутулуш үчүн өкмөт кошуна мамлекетке берет экен» деген күдүк кептер көптөн бери айтылып келет.

Кыргызстандын насыялар үчүн төлөй турган мамлекеттик тышкы карызынын басымдуу бөлүгү Кытайга тиешелүү. Тагыраагы Кыргызстандын Кытайга 1 млрд. 778 млрд. доллар карызы бар.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт