Аналитика
Маанилүү

Жетим-Тоону иштетүү Нарын облусун экологиялык катастрофага алып келеби?

Кенге байланыштуу жаңы талкуу 2020-жылдын октябрь айындагы окуяларда бийлик алмашкандан кийин чыккан. Тагыраагы өкмөт башчылык жана президенттик милдетти бир колго алган Садыр Жапаров бул жөнүндө 14-ноябрдагы басма сөз жыйынында кеп козгогон. Ал Кытай мамлекетине болгон карыздан кутулуунун жолу катары Жетим-Тоонун кенин чийки зат катары берүү ыкмасы сөз болгонун айткан. Ошол эле учурда Жапаров тоо өзү коңшу өлкөгө берилбей турганын, карызды төлөөнүн башка жолдору табыларын тактаган.

Кумтөрдү эптей албай кыргыздын карегиндей болгон мөңгүнү чукуп, жок кылып, эптей  албай эми Жетим-Тоо темир кенин иштетүүгө бел байлашты. Экономикалык көйгөйлөрдү жана бюджеттин кирешесин эмитен эсептей башташты. Бирок, иш жүзүндө, долбоорду ишке ашыруу дээрлик мүмкүн эмес. Эгер ал ишке кирсе, Нарын облусунун тургундары таза аба менен коштошууга аргасыз болушат.

Митингдер, чуулгандуу окуялар жана лицензия талашуу

Кен казуу ишин баштоо аракети жаңы деле эмес. Буга чейин да бир нече жолу аракеттер болуп, акыр-аягы ызы-чуу менен бүткөн. 2008-жылы Нарын облусунун аткаминерлери өкмөттөн «ТенЛин» ЖЧКсынан (Кытай) геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү лицензиясын алып салууну жана Жетим-Тоо кениндеги бардык жумуштарды токтотууну талап кылышкан. Себеп — экологиялык эрежелердин бузулушу.

2009-жылы Жетим-Тоо өзгөчө корукка айланган

Ошол эле жылы «ArtMining» темир запастарын изилдөө максатында Жетим-Тоо кенинин Данги аймагынын жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган. Ошол эле учурда «ArtMining» компаниясынын негиздөөчүлөрү Максим Бакиевдин жакын санаалаштары — Максим Гладышев жана Юлиана Пак, ошондой эле КЭРдин жараны Фу Пенг болгону ачыкталган.

Жетим-Тоо темир кени боюнча талаш-тартыштар кайрадан 2010-жылы жандана баштаган. Андан кийин Данияр Үсөнов баштаган өкмөт (азыр ал Беларуссиянын жараны Даниил Урицкий) аны иштетүү укугун кытайлык компанияларга өткөрүп бергени белгилүү болгон. Жергиликтүү активисттер митингге чыгышып, токтотууну талап кылыпкандан кийин облустун губернатору болуп иштеп турган Өмүрбек Суваналиев каршылыгын билдирип кызматтан кеткен.

2010-жылы нөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети «ArtMining» ишканасынын лицензиясын жер казынасы жөнүндө мыйзамды бузгандыгына байланыштуу жокко чыгарган. Компания сотко берип, утуп алган. Лицензия 2012-жылы кайтарылып, 2014-жылы кайрадан жокко чыгарылган. Соттуп процесс кайра жанданып, натыйжада, 2016-жылы компания лицензиясынан ажыратылган.

Андан кийин Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги жакынкы аралыкта кенди иштетүү боюнча тендер өткөрөбүз деп убада кылган.

«Сарт санаасы менен байыйт»

Ал жакта азырынча эч кандай жумуш баштала элек. А министрлер кабинети болсо буга чейин мүмкүн болгон кирешени болжолдуу эсептеп чыгып койгон. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Жетим-Тоо кенинин Данги блогун иштетүүдөн 200 миллион доллардан ашык каражат түшөт. Бул бюджетке чегерүүлөрдү көбөйтөт, ар кандай социалдык программаларды каржылайт жана каражаттардын бир бөлүгүн тышкы карызды төлөөгө жумшалат.

«Бул долбоордо салык төлөөдөн тышкары, дүң кирешенин 2 пайызы жергиликтүү калктын кызыкчылыгын эске алуу менен Нарын облусун өнүктүрүү фондуна которулат», — деп өкмөт убада кылды.

1956-жылы ал жактагы тоолордо табылган Жетим-Тоо рудасы гана бар. Анын үстүндө, 40 чакырым аралыгында, эки минералдан — магнетиттен жана гематиттен турган руда тулкуларынын айрым уюган топтомдору аныкталган. Бир гана өзгөчөлүк — Дангинин түндүк бөлүгүнө салыштырмалуу жылмакай беткейи бар. Жакынкы Чырпыкты айылы талаадан 25 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, Жетим-Тоо кени дүйнөдөгү эң ири кендердин бири деп эсептелет. Руданын запасы 3 миллиард 344 тоннаны түзөрүн айтып жатышат. Бирок, андай эмес. Бүгүнкү күндө кендин так запасын эч ким билбейт. 1956-жылы руда табылгандан кийин ал жерде эч кандай жумуш болбогондугунун өзү эле көп нерсени айтып турат. Баардыгы чиновниктер кыялдангандай оңой эмес. Жетим-Тоо кени боюнча бийлик санаасы менен байыган сарт болуп жатабы?

“Руданын көрүнүштөрүнүн запастарын жана тереңдигин, геологиялык жана тоо-кен параметрлерин баалоо үчүн кеминде беш жыл талап кылынат. Андан кийин гана жер тилкелеринин кирешелүүлүгү жөнүндө сүйлөшүүгө болот ”, — деп эскерткен 2010-жылы Жаратылыш ресурстары министри Капар Курманалиев.

20 миллион доллардан ашык каражатты геологиялык чалгындоого жумшоого туура келет.

Ошондо гана Жетим-Тоодогу темирдин запасы канча экенин так айтууга болот. Анан да андан тез пайда күтпөшүбүз керек. Кенди иштетүү үчүн инфраструктураны түзүш керек. Жолдорду, байытуучу комбинатты куруу керек. Булар болсо мамлекет өз алдынча жасай турган кошумча инвестициялар. Экономикалык каатчылыкта миллиарддаган карызы бар мамлекетте мындай каражат кайдан болушу мүмкүн? Бийлик бул боюнча унчукпай эле коюуну туура көрөт.

Экологияны эстен чыгара берели…

Дагы бир көйгөй — экология. Жергиликтүү тургундар бекеринен кенди иштетүүгө каршы болуп жатышкан жок. Анткени бул экологиялык кырсыкка алып келет. Жакынкы убакка чейин алар менен чиновниктер да макул болушкан. Маселен, Улуттук энергетикалык холдингдин экс-башчысы Айтмамат Назаров 2016-жылы журналисттерге берген маалыматында Жетим-Тоонун иштетилиши айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн деп айткан.

«Биз айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды минималдаштырган заманбап технологияларга өзгөчө көңүл буруубуз керек. Ушундай шартта гана Жетим-Тоону иштете алабыз », — деди ал.

Анын айтымында, эгерде бул технологияларды колдоно турган инвестор жок болсо, анда кендерди иштетүүнү технологиялар жок болуп жатканда, келечекке калтырган оң. Талаага атайын техникалар өтүүчү жол куруу үчүн гана, Нарын коругундагы коргоого алынган токойлорду кыюу керек болот.

Ал эми Нарын дарыясынын боюнан миңдеген тонна топурак кыркууга туура келет. Башка айласы жок.

Чындыгында, инфраструктурасыз бир дагы тармакты өнүктүрүү мүмкүн эмес. Мындан тышкары, темир рудасын байытуу процесси өзү экологиялык зыяндуу өндүрүш болуп саналат. Ал эми ишке кирсе, анда Нарын облусунун жаратылышын жөн эле жок кылат.

Өлкө бийлиги долбоорду ишке ашырууга акча тапса дагы, жергиликтүү тургундар Кытайга болгон тышкы карызды кайтарып берүү үчүн айлана-чөйрөнү бузууга макул болуп коюшу мүмкүн. Бирок бул айласыз кабыл алынган чечим, акыр аягы кейиштүү бүтчү болсо, ата-бабалар да, урпактар да бизди кечирбейт…

Булак
24.kg
Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт