ОкуяларСаясат

Желек көтөргөн аялдар президент Сооронбай Жээнбековго жолугуу үчүн Ак үйгө жөнөштү

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринен түзүлгөн аялдар тобу президент Сооронбай Жээнбековго жолугуу үчүн Ак үйгө жөнөштү. Элдин алдына чыгып сүйлөгөн аялдардын бири кайрадан Ак үйгө барышарын, бул сапар ал топ энелерден турарын айтты. Ал эми митингге модераторлук кылып жаткан киши эркектерди барбоого чакырды. Муну провокация деп атагандар да болду. Аталган адамдар президент менен жолугуп чыкканга чейин митинг улана бермекчи.

Учурда митингдин катышуучулары Садыр Жапаровду боштондукка чыгарууну талап кылып жатышат.

🔴ТҮЗ ЭФИР: Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button