АналитикаСаясат
Маанилүү

Жээнбековдун сапары Атамбаевдин шек жараткан оорусун эске салды

24-июнда Москвада Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган майрамдык парад өттү. Ага катышуу үчүн Бишкектен президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация 23-июнда жөнөп кеткен. Параддан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү планга ылайык өтүштү, бирок Жээнбеков бул даталуу иш-чарага катышкан жок.

Себеби Москвадан текшерилгенде президенттик аппараттын эл аралык бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана бир жансакчыдан коронавирус табылганы расмий айтылды.

Алар 24-июнда, Москвадан келери менен Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков жана делегация мүчөлөрү коронавируска карата кайрадан тест тапшырышты.
Мамлекет башчысынын тапшырган анализинин жыйынтыгы таза чыкты. Президент Сооронбай Жээнбеков өз алдынча обочолонууда болууну улантат жана ишин алыстатылган тартипте жүргүзөт.

Бул маалымат коомдук тармактарда кызуу талкууланып жатат. Жээнбековдун жанындагылардын күтүүсүздөн ооруп калганына ишенбеген интернет колдонуучулар «Бул элдин башын айландырыш үчүн атайын жасалган трюк», «Эмне үчүн Бишкектен тапшырган тести таза чыгып, Москвага жеткенде коронавирус аныкталат? Бул саясий оюн» дешсе, айрым ага боору ооруган бийлик тарапташтары «Айыгып кетишсин, бул аты жаман вируска эч ким чалдыкпасын» деген каалоолорун айтышууда.

Дүйнөдөгү салмактуу мамлекет башчылардын, ал эле эмес СССР курамына кирген мамлекеттердин айрымдарынын парадка келбей…

Опубликовано Артуром Жээнтаевым Среда, 24 июня 2020 г.

Мындай учур, биринчи жолу болуп жаткан жок, тарых экинчи ирет кайталанды. Эсиңиздерде болсо, Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 19-сентябрда БУУнун жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркко бараткан жолдо Стамбулдун Ататүрк аба майданында жүрөк тушу ооруп, өзүн начар сезгендиктен сапарын токтотуп, алгачкы медициналык жардам алган. Анда жүрөк оорунун белгилери аныкталып, ооруканалардын биринен толук текшерүүдөн өткөн. Андан соң дарыгерлердин сунушу менен Нью-Йоркко сапарын токтоткон.

Түркиялык басылмалар Атамбаевди «оорумуш болуп калды» деген маалымат таркатышкан. Атамбаевдин ооруганына шек санагандар Түркиянын айрым басылмалары  жазып чыккан маалыматка таянып, Эрдоган  анын сунушун кабыл албай койгонунан улам  ошол замат оорумуш болуп калганын жазып чыгышкан эле…

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button