Саясат

Жээнбеков Медведев менен жолукту. Ортодо эмне кеп болду

КР президенти Сооронбай Жээнбеков иш сапарынын алкагында бир нече жолугушууларды өткөрдү. Эки күндүк сапар 28-февраль күнү аяктайт.

 КР президенти Сооронбай Жээнбеков Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен эмне тууралуу сүйлөшкөнү маалым болду.

Жолугушууда тараптар актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты. Анын ичинде аймактык коопсуздук, экстремизм жана терроризмге каршы туруу маселелерин козгошту.

Жээнбеков Кыргызстан коркунучтарга Россия тараптын колдоосу менен бирге каршы турарын белгилеген. Ошондой эле ал Медведевге биргелешкен кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган демилгени колдогонуна ыраазычылыгын билдирди.Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев эки өлкөнүн алакасынын бийик деңгээлин баса белгиледи. Ал кыргыз-орус мамилесин бекемдөөгө салымын кошууга даяр экендигин кошумчалады

Булак
Sputnik Kyrgyzstan
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button