БийликПрезидент
Маанилүү

Жээнбеков: Абал көзөмөлдө, азык-түлүк жетиштүү, зарыл болбосо үйдөн чыкпагыла

Кыргызстанда медициналык абал көзөмөлдө, азык-түлүк жетиштүү, зарыл болбосо үйдөн чыкпай туруу керек. Президент Сооронбай Жээнбеков 18-мартта кыргызстандыктарга кайрылуу жасап жатып, ушинтип айтты.

Мамлекет башчысы элди тартипти бекем сактоого чакырып, ар бир үй-бүлө жеке гигиена талаптарын толук сакташы керектигин белгиледи.

«Дарыгерлерибиз тиешелүү даярдыктан өткөн, бул илдеттен кандай дарылоо керектигин билишет. Зарылдыгы жок болсо, үйдөн чыкпай, башкалар менен жолугууну максималдуу кыскартуу зарыл. Оорунун биринчи белгилери пайда болгон учурда алгач эч жакка барбастан, телефон аркылуу врачка кайрылуу керек. Чет өлкөдөн келген ар бир жаран обсервациянын жана үй карантиндин шарттарын кынтыксыз сактоого милдеттүү. Айрым адамдардын бул талаптардын чегинен чыгуу аракеттерине кескин түрдө бөгөт коюлат. Ар кандай жыйындарды, оюн-зоок иштерди, тойлорду, мааракелерди токтотуп туруу зарыл. Коомдук тартипти сактоо, өлкөнүн аймагына кирип-чыгуу иштери күчөтүлгөн тартипке которулду» деди Жээнбеков.

Ошону менен катар президент өлкөдө азык-түлүктүн, дары-дармектин жана медициналык буюмдардын запасы жетиштүү экенин кошумчалап, кооптонууга себеп жоктугун айтты.

“Дүрбөлөң салууга, коомдун тынчтыгын бузууга аракет кылгандар, чайкоочулук кылам дегендер, тамак-аштын жана дары-дармектин баасын негизсиз көтөргөндөр көз жаздымда калбайт.Тиешелүү жоопкерчилигин тартат” деди Жээнбеков.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылууда. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close