Аналитика
Маанилүү

Жаш кызды зордуктоого шектелген жаран «Бишкек санитардык полигонун» башкармай болду

Бүгүн, 15-январда "Бишкек санитардык полигон" муниципалдык ишканасын Адил Назаров жетектей турганы белгилүү болду.

Эскерте кетсек, буга чейин бул кызматка эколог Динара Кутманова дайындалган, ал эки жуманын ичинде бир нече коррупциялык схемаларды ачып, таштандылар мафиясынын мүчөлөрүн аныктаган. Эколог аны ачыкка чыгара турганын айткандан кийин, аны дароо Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору кылып дайындашты.

Андан кийин анын ордуна Нурлан Наматов отурган, бирок бир-эки айдан кийин ал кызматынан бошотулуп, анын ордуна Адил Назаров дайындалган. Коомчулукта Назаров «Адил Кыргыз» деген ат менен белгилүү. Адатта ал өзүн ушундайча тааныштырат.

Белгилей кетүүчү нерсе, Назаров митингдерди жана нааразычылык акцияларын байма-бай өткөрүп турат, ал активист, «Ынтымак» жаштар кыймылынын жана «Баатыр Ордо» коомдук бирикмесинин төрагасы катары белгилүү. Kaktus.media басылмасы Назаров жана анын демилгелери жөнүндө иликтеп көрдү.

«Ата Мекен» партиясына айып таккан

2011-жылы Адил Кыргыз өзүн «Ата Мекен» партиясынын республикалык кеңешинин мүчөсү жана партиянын Чүй облусу боюнча координаторунун орун басары деп атаган. Ал журналисттерге партиянын мүчөлөрүнүн пландары жөнүндө айтып берип, саясий уюмдун жетекчилигин сынга алган. Бирок саясий кеңеш аны партия мүчөсү эмес, жөн гана колдоочусу деп четке каккан.

Жашы жете элек кыздарды зордуктоо

Назаров жөнүндө эң дүрбөлөңдүү жаңылык жаш кызды зордуктоо окуясы болду. 2012-жылы активист жашы жете элек кызга кол салган деп айыпталган. Ал өзү эч кимди зордуктабагандыгын жана бул кыз менен мамилеси болгонун, атүгүл аны экинчи аял кылып алууну пландап жаткандыгын билдирген.

Андан кийин Назаров «Кыргызстан Жаштар Кеңешинин»  алдында түзүлгөн «Ынтымак» жаштар кыймылын жетектеген. Зордуктоо окуясынын жөнүндө уккандан кийин, кеңештин өкүлдөрү шектүү адамдын моралдык укугуна байланыштуу андан баш тартышкан.

Мындан тышкары, окуядан бир нече ай мурун Назаров он тогуз жаштагы кызды зордуктады деп айыпталган Пакистандын жараны Гохар Раджи Абидге каршы митингдин катышуучусу болгон. Назаров анда пакистандыкка өлүм жазасын берүүнү талап кылкан.

Пландалып жаткан митингдерде АКШ элчилигинин айыптоолору

2015-жылы Адил Наразов АКШнын Кыргызстандагы элчилигин митинг даярдап жатат деп айыптаган. Андан кийин элчиликке 150 тонна салмактагы дипломатиялык кат келген. Дипломаттар пакетте жаңы имараттын материалдары болгонун айтышкан. Бирок Назаровдун айтымында, почтада «курал-жарак, майда купюралардагы акча же радардык жабдыктар» болгон болушу мүмкүн экенин айткан.

Ал өлкө бийлигин АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин статусун бажы кызматкерлери америкалык дипломатиялык жүктөрдү текшерүүгө алышы үчүн, кайрадан карап чыгууга үндөгөн. Ал ошондой эле АКШ дүйнө жүзү боюнча түстүү революциялардын негизги экспортеру экендигин айтып чыккан.

Сексуалдык тарбияга каршы митинг

Ошол эле 2015-жылы парламенттин жанында балдарды сексуалдык тарбия берүүгө каршы митинг өткөн. Жолугушуунун негизги уюштуруучусу «Батыр Ордо» коомдук бирикмесинин төрагасы Адил Кыргыз болду. Беш митингчи Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Алар «Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды жүзөгө ашыруунун кепилдиктери жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы чыгышкан.

Назаров жыныстык жетилүү 12-13 жаштан башталарын, жети жашында балдарга сексуалдык билим берүүнү баштоо эрте экенин билдирген.

Келдибековго каршы митинг

Ушул эле Назаров башында турган бирикме “Ата Журт” фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибековго каршы митинг өткөрүп, анын камалышын талап кылган.

Митингчилер экс-башкы прокурор Аида Салянованын бир кезде Келдибековдун коррупциялык иштерине байланыштуу далилдери бар деп кылмыш ишин козгогондугуна нааразы болушкан, бирок ал иш тергелген эмес.

Түлеевге каршы митинг

2020-жылдын октябрь айында Адил Назаров Нариман Түлеевдин Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалышына каршы чыккан алгачкы митингчилердин бири болгон.

Алар Бакиевдин жан-жөкөрлөрү эмес, жаш кадрлар келсин деп чыгышкан.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт