КоомЭкономика

Жарандык коом COVID-19га каршы күрөш үчүн четтен келген жардамды ачык бөлүштүрүү талабын койду

Кыргызстанда жарандык коом өкүлдөрү COVID -19га каршы күрөш үчүн чет жактан келип жаткан жардам кандайча бөлүштүрүлгөнү тууралуу маалыматтын ачык болушун талап кылышты. 13-апрелде “Жарандык көзөмөл комитети” уюму президентке, өкмөткө, Каржы министрлигине жана Коронавируска каршы республикалык штабга кайрылуу жолдоп, эл аралык коомчулук “болуп көрбөгөндөй көп” өлчөмдө жардам бергенин белгиледи.

Уюмдун кайрылуусунда бул жардам Кыргызстанга пайда алып келип, туура пайдалануусу өтө маанилүү экени айтылат.

Ошол себептен жарандык активисттер жардамды бөлүштүрүү планын, кимге канча өлчөмдө жана суммада бөлүнгөнү тууралуу маалыматты ачык жарыялап туруу керектигин белгилешти. Көзөмөлдөй турган атайын комиссия түзүп, анын курамына парламент, өкмөт, бизнес жана жарандык коом өкүлдөрүн кошуу керектигин айтышты.

Кыргызстанда 13-апрелге карата коронавирус 419 адамга жукту, алардын бешөө каза тапты, 67 бейтап айыгып чыкты.

Кыргыз бийлиги коронавируска каршы күрөш үчүн бир нече мамлекеттен, он чакты эл аралык финансылык мекемеден жардам сураган. Анын ичинен азырынча Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) менен Дүйнөлүк банктан гана оң жооп келди. Бир катар башка уюмдар менен сүйлөшүү жүрүүдө. Мындан тышкары элден да акча чогулуп жатат.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт