Аналитика
Маанилүү

Жапаровго даттанган адам кысымга кабылганын айтты

Ошто 3-ноябрда Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда жергиликтүү тургун Канназар Ыдырысов аймакта таасирдүү үй-бүлө саналган Өмүрзаковдордун туура эмес аракеттери боюнча даттангандан кийин өзүнө кысым болуп жатканын билдирүүдө.

Өмүрзаковдордун бири – Сүйүн Өмүрзаков Ички иштер министрлигинин (ИИМ) башчысынын орун басары, анын иниси Улукбек Өмүрзаков Ош облустук прокуратурасында иштейт.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров менен Оштун тургундарынын жолугушуусунда Канназар Ыдырысов аттуу жашоочу «Өмүрзаковдор» акчалуу кишилерден үлүш алып жатканын айтып, Жапаровго кайрылган:

«Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси Улук Өмүрзаков Баткенде карактоо менен облустук прокуратурадан иштен айдалган эле. Кайра сиз келгенден кийин буйрук чыгып (Ошко — ред:) келиптир. Улук Өмүрзаков спортчуларды топтоп, «Мухаммед-Умар» деген күзөт агенттигин ачкан. Азыр Ош шаарында машине мине албай жатабыз. Жакшыраак машине минсек «үлүш» алышат. Анан карьерлерди, жерлерди басып алышкан. Бүт баарын ушул Сүйүн Өмүрзаковдун туугандары, мафия башкарып алган».

«Жергиликтүү бийликтин иши»

Канназар Ыдырысов Сүйүн Өмүрзаковдун туугандарына байланыштуу иштер боюнча арыздарды милиция кызматкерлери кабыл албай жатканын кошумчалаган.

Анын «Өмүрзаковдордун аракеттерине кандай чара колдонулат?» деген суроосуна Садыр Жапаров «жергиликтүү бийлик текшерип, карасын» деп жооп кайтарган:

«Бул маселе боюнча жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү отурат. Мен азыр тапшырма берейин, караңыздар. Бул сиздердин ишиңиздер. Мафия деп жатат, тигиндей-мындай көйгөйлөрүн айтып жатышат. Азыркы көйгөйдү айткан кишини чакырып териштиргиле».

Прокурор Улукбек Өмүрзаковго «Азаттыктын» кабарчысы жоолуккан учурда ал Ыдырысовду жакшы тааный турганын айтып, бирок анын кайрылуусу боюнча комментарий берүүдөн баш тартты:

«Ал адамдардын үй-бүлөсүн билем. Кереги жок, алар боюнча иш тиркегем. Кылмыш ишин тиркегем алар боюнча».

Улукбек Өмүрзаков бир жума мурун Баткенден Ош облустук прокуратурасына которулуп келген. Ал 2007-жылдан тарта прокуратурада иштейт, үй-бүлөсүнө таандык деген «Мухаммед-Умар» спорт-клубун Ошто 2005-жылы негиздеген.

Канназар Ыдырысовду издеп келгендер. Байкоочу камерага түшүп калган видеодон алынган сүрөттү "Азаттыкка" Канназар Ыдырысов берген.
Канназар Ыдырысовду издеп келгендер. Байкоочу камерага түшүп калган видеодон алынган сүрөттү «Азаттыкка» Канназар Ыдырысов берген.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Абсаттар Табакалов Канназаровдун билдирүүсү боюнча иш милицияда каттала электигин, бирок милиция ал жарандан арыз алуу үчүн байланышканын билдирди.

«Кечээги жыйында сүйлөгөн кишинин сөзү боюнча. Ал Ош шаардык милициясынын ыкчам тобунун кызматкерлери тарабынан чакырылган. Бүгүн «арыз жазганы келем» деп айткан экен. Келсе арызы алынып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталат».

Кайрылуудан кийинки кысым

Ал эми Канназар Ыдырысов кайрылуудан кийин Өмүрзаковдор өзүнө кысым көрсөтүп жатканын, коопсуздугунан кооптонуп, үйүнө барбай жүргөнүн айтып жатат:

«Бир нече машине менен Улукбек Өмүрзаковдун балдары үйүмдү курчап алып турушат. Мен алардын анча-мынчасын таанып калгам. Коопсуздугума кыжаалат болуп турам. «Жапаровго арыздандың, Жапаров көп болсо эки ай туруп кетет. Олтурганда дагы ээрге кыйшык олтурду. Сени менен эки айдан кийин сүйлөшөбүз» деп айтып жатышат. Бул кысым эмей эмне? Бул кысымдан да жаман нерсе. Чакыруу кагазын да көрсөткөн жок. Булар документтери бар бандиттер да. Азыр ар жактан чалып жатышат. «Сен бекер сүйлөпсүң, сен башка жакка качып кет. Чет өлкөгө качып кет, акчаңды таап берели» деп».

Ыдырысов милиция менен байланышканын бышыктады, бирок арыз жазабы же жокпу так айткан жок.

Чатактын башы — көмүр кен

Ыдырысов менен Өмүрзаковдордун талашы «Жол Чырак жана Ко» жоопкерчилиги чектелген коому казган көмүр кенине барып такалат. Канназар Ыдырысов ушул себептүү Садыр Жапаровго кайрылуусунда көмүр кени, күзөт агенттиги жөнүндө айтканын билдирди.

Канназар Ыдырысов «Жол-Чырак жана Ко» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири Манасбек Ыдырысовдун бир тууганы.

Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүндө жайгашкан «Жол Чырак» көмүр кенинин негиздөөчүлөрү январь айынан бери кенге ээ боло албай келгендерин айтып, 21-октябрда журналисттерге маалымат жыйын курушкан.

Алар Кутман Шермат уулу аттуу жаран, бир жыл ишеним каттын негизинде кенге жетекчи болуп, мөөнөтү бүткөндөн кийин да көмүр карьерин кайтарып бербей жатканын, Шермат уулун Өмүрзаковдор калкалап келгенин жарыялашкан.

Сүйүн жана Улукбек Өмүрзаковдор буга расмий комментарий бере элек.

Буга чейин Улукбек Өмүрзаков «Азаттыкка» оозеки түрдө аталган ишкана тууралуу өз дарегине айтылган дооматтарды четке каккан, өзүнө таандык деген «Мухаммед-Умар» күзөт агенттиги кенди иштеткен Кутман Шермат уулу менен расмий келишим түзүп, ошонун негизинде агенттиктин кызматкерлери ишкананы кайтарганын айткан.

«Жол Чырак жана Ко» жоопкерчилиги чектелген коому кенди казууга уруксатты 2008-жылы алып, 2011-жылдан тарта расмий иштеп баштаган. Анын негиздөөчүлөрү көмүрдү 2015-жылдан бери казып келгенин айтып жатышат.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт