ВидеоКоом
Маанилүү

“Жапаров эл душманы!”: Ак үйдүн алдында референдум долбооруна каршы митинг өтүүдө

Бүгүн, 9-декабрда мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы активист, юристтердин катышуусунда нааразычылык акциясы өтүүдө.

Алар мыйзам долбоорун шашылыш карап жаткандарын айтып жатышат. Чогулгандар колдоруна өздөрүнүн чакырыгы жазылган плакаттарды да көтөрүп алышкан.

Болжол менен 10 чакты адам «Референдум жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл албоону талап кылып жатышат. Алар Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы мыйзамсыз деп эсептешет.

Белгилей кетсек, бүгүн, 9-декабрда жалпы жыйында Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окуда жактырды.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт