БийликОкуяларПрезидент

Жамин Акималиев өлгөн кишилерге да айлык чыгартып келгенби?

Бүгүн, 26-февралда Кыргыз дыйканчылык илимий изилдөө институтунун кызматкерлери директору Жамин Акималиевге каршы маалымат жыйын өткөрүштү. Анын жүрүшүндө, бөлүм башчы Уланбек Качыбеков Жамин Акималиев бухгалтери Алыбаева экөө 2013-2016-жылдар аралыгында көзү өтүп кеткен кишилердин наамына айлык чыгарып, өздөрү колдонуп келгенин айтты.

“Аудиттин жүрүшүндө Акималиев бухгалтери экөө 2 миллион 211,5 миң сомду мыйзамсыз пайдалангандыгы аныкталган. Андан сырткары Акималиевге 1,5 миллион сом акча мыйзамсыз төлөнгөнү маалым болгон. Аталган факт боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон. Иш Биринчи Май райондук сотуна жиберилип, 5,5 жылдан бери каралып жатат”, – деди ал.

Анын айтканына караганда, эсептөө палатасы 2017-жылы 2013-2016-жылдары бюджеттин аткарылышы боюнча аудит өткөргөн.

“Акималиев 1992-1994-жылдары өзү иштеген кызматтык кабинетин батир катары колдонуп келген. Ал муну Акаевден батир алуу үчүн кылган”, – деди.

Директордун орун басары Биржан Усубалиев болсо тракторлор, комбайндар, жүк ташуучу унаалар, жеңил унаалар жана 108 гектар жер мыйзамсыз сатылып кеткенин айтты.

Булак
Барс Медиа
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button