Ден-соолукКоомОкуялар

Жалал-Абадда дагы бир адам коронавируска шектелип, ооруканага жаткырылды.

Жалал-Абадда кечээ, 18-мартта коронавирустун симптомдору, дене табы көтөрүлгөн айым облустук ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди. Анын айтымында, ооруга шектелген айымдан анализдер алынган, учурда жыйынтыгы чыга элек.

Министр ошондой эле, ооруканада ооруга чалдыккан Сузактын үч тургуну дарыланып жатышат. Мындан сырткары алар менен байланышта (контакт) болгон экөө да драыланып жатат, алардын тапшырган тести оору жуктурган эмес деп чыккан.

— Мындай сыркоолорду дарылоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ВОЗ) аныктаган атайын тартип бар, атайын жобо жана алгоритм иштелип чыккан. Бул эрежелердин алкагында дарыгерлер иштеп жатышат, — деди министр.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button