Ден-соолукКоом

Жакшы жаңылык! Коронавирустан каза тапкандар катталган жок

Жакшы жаңылык. Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок! Бул тууралуу, Республикалыке штаб маалымдады.

Жалпысынан өлкөдө коронавирус жана пневмониядан 1063 адам каза тапкан.

Бүгүн, 11-сентябрга карата Кыргызстандын аймагында коронавирус жана пневмониянын кесепетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Бүгүнкүгө чейин өлкөдө коронавирус аныкталгандан кийин 1063 адам көз жумган (башка оорунун кесепетинен көз жумган адамдардын саны кошулган эмес).

Жалпысынан 44 миң 761 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталса, анын ичинен 40 миң 631 киши айыкты.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button