Ден-соолук

Жаңы рекорд! Кыргызстанда дагы 87 адам коронавирус менен катталды

Бүгүн, 15-июнга карата Кыргызстанда дагы 87 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2372 адамга жетти. Акыркы суткада 22 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Бишкек шаарында 48 адам;

— Чүй облусунда 11 адам;

— Ош облусунда 5 адам;

— Ысык-Көл облусунда 2 адам;

— Ош шаарында 18 адам;

— Жалал-Абад облусунда 3 адам.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт