Ден-соолукКоом

Жаңы рекорд: Кыргызстанда дагы 228 адамдан коронавирус чыкты

Бүгүн, 25-июнга карата Кыргызстанда дагы 228 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы 3954 саны адамга жетти. Акыркы суткада 30 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Айыккандардын жалпы саны адамды түздү.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Бишкек шаарында 113 адам;

— Чүй облусунда 24 адам;

— Ош облусунда 31 адам;

— Ош шаарында 32 адам;

— Жалал-Абад облусунда 10 адам;

— Талас облусунда 3 адам;

— Нарын облусунда 1 адам;

— Ысык-Көл облусунда 12 адам;

— Баткен облусунда 2 адам.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close