Ден-соолукКоом
Маанилүү

Жаңы рекорд: Кыргызстанда дагы 205 адамдан коронавирус аныкталды

Бүгүн, 22-июнга карата Кыргызстанда дагы 205 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 3356 адамга жетти. Акыркы суткада 10 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Бишкек шаарында 82 адам;

— Чүй облусунда 33 адам;

— Ош облусунда 20адам;

— Ош шаарында 25 адам;

— Жалал-Абад облусунда 8 адам;

— Баткен облусунда 12 адам;

— Талас облусунда 19 адам;

— Нарын облусунда 6 адам;

— Ысык-Көл облусунда 10 адам.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт