БийликӨкмөт

Замирбек Аcкаров ӨКМге барабы?

Вице-премьерлик кызматка Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев көрсөтүлүп жатат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаалдар министри кызматына вице-премьер Замирбек Аскаровдун талапкерлигин сунуштады.

Анын талапкерлигин бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети карап жактырды.

Ал эми Аскаровдун ордуна Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев көрсөтүлүп, аны да ЖК комитети колдооду.

Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалган.

Булак
Sputnik Кыргызстан
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button