КоомТехнология

Ютубтан акча табууну билесизби?

Youtube тууралуу:

📌Ютубда кантип канал ачуу керек? -Канал ачуу бекер. Gmail.com менен ачылган почтаңыз менен эле киресиз. Болгону каналга ат тандап, профилге сүрөт коюп, обложка койсоңуз болду.

📌Ютубда кандай канал иштетсе болот?

Менин жеке пикирим: мигранттар үчүн пайдалуу кеңештер, фитнес жана туура тамактануу, рецепт, окутуу-үйрөтүү, саякаттоо, товарлардын обзору, психология, Хэнд-мейд, курулуш-үй ремонту, сулуулук жана мода тууралуу канал ачсаныз болот. Эң негизгиси видеолор өзүңүз тарткан болушу керек.

📌Ютуб каналды кайсы тилде иштетүү керек?

Кайсы тилди эң жакшы билсеңиз, ошол тилди колдонуңуз. Эгер кыргызча болсо, аудитория аз болот деп ойлонбоңуз, кыргыз тилдүү, бирок 100 миңдеген подписчиктерге ээ блогерлер бар. Айрыкча акыркы жылдары кыргыз тилдүү аудиториянын саны өстү. Ошондой эле бош тематикалар да көп. Орусча канал иштетсеңиз, анда өтө жакшы. Жалпы КМШга чыгууга мүмкүнчүлүк болот. Англисче билип, англис тилдүү канал ачам десеңиз, анда сөз жок, азаматсыз🤗

📌Ютубда качан монетизацияласа (акча иштөөгө) болот?

Ютубдун 2018-жылдан берки шарты боюнча: Каналда 1000 подписчик болуп, жалпы видеолордун көрүлүү убактысы 4000 сааттан ашуусу керек. Бул жасалма “накруткадан” качуу үчүн коюлган талаптар. Бирок бул талаптар аткарылса эле монетизация кошулуп калбайт! Ал үчүн Google Adsense аркылуу Ютубга “запрос” жиберүү керек. Ютуб сиздин каналды карап чыгышы убакытты алат. Же ортомчу (партнер) компаниялар аркылуу коштурсаңыз болот. Партнер компаниялар өздөрүнө % алат.

📌Автордук укукту кантип бузбаш керек?

-Тарткан видеолоруңузга музыка койгондо ар кайсыны кое бербеңиз. Эң жакшысы Ютубдун “Творческая студиясынан” Фонотека деген жеринде автордук укук коюлбаган базасынан алсаңыз болот. Же Гуглдан “музыки без авторских прав для Ютуб” деп издеңиз. Ошондой эле башкалардын видеолорунан уурдабаңыз, сапаты анча болбосо да өзүңүз жасаганга/тартканга аракет кылыңыз.

Ютубдагы кыргыз тилдүү аудитория тууралуу (жеке көз карашым):

-саясат, диний жана шоу-бизнес жаңылыктары эң көп көрүлөт.
-аялдарга караганда эркектер көп комментарий жазат.
-каналдын кирешесине Россиядагы мигранттардын таасири чоң,
-себеби Кыргызстанга караганда Россияда интернет реклама көп,
-кыргыз тилдүү Ютубда 25-44 жаш арасындагылар эң чоң аудиторияны түзөт.
– миграцияда жүргөн подписчиктериңиз канча көп болсо, ошончо жакшы

P.S Бул биринчи пост болду. Кошумча суроолор болсо комментарийге жазыңыз. Ошого карап кийинки посттун темасын аныктайбыз. Ал эми пост жакса лайк коюп, пайдалуу болсун деген адамдарыңыз менен бөлүшүңүз

Автору
Орозгүл Арстанова
Толугу менен
Back to top button