КоомМыйзам жана укук
Маанилүү

Ысык-Көлдө «Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөсү катардан чыкты (Видео)

Ысык-Көл облусунда бир адам Хизбут-Тахрир диний-экстремисттик уюмунун катарынан чыкты. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынын басма-сөз кызматы билдирди.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын жана Ысык-Көл облусу боюнча УКМКнын башкармалыгынын кызматкерлери биргелешкен түшүндүрүү иштерин жүргүзүнүн натыйжасында, 37 жаштагы райондун борборунун тургуну Т.М., диний-экстремисттик уюмунун катарынан чыккандыгын жарыялады.

Анын айтымында, ал 2007-жылы намаз окуй баштаган, андан кийин уюмдун ишмердүүлүгү жана ролу жөнүндө түшүнүгү болбогондуктан, алардын катарына кирген. Кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн улам, аталган диний агымдын идеологиясы салттуу исламга туура келбестигин түшүнгөн. Ал «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун башка жактоочуларын туура тандоого чакырып кетти.

Булак
Status.kg
Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт