БийликДен-соолукЖогорку КеңешКоом
Маанилүү

«Ынтымак менен жеңебиз!». Коронавируска каршы Жогорку Кеңештеги флешмоб

Бүгүн, 19-марта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйында коронавируска байланыштуу өлкөдөгү абал боюнча маалымат берилүүдө.

Анын жүрүшүндө депутаттар флешмоб уюштурушту. Тактап айтканда, парламентте «Ынтымак менен жеңебиз!» жазуусу бар плакаттар менен сүрөткө түшүштү. Жогорку Кеңештин кызматкерлери жана депутаттар Кыргызстандагы коронавирустун жайылышына каршы биригүүгө чакырышты.

  • 19-мартка карата Кыргызстандын аймагында коронавирустун жаңы учуру катталган жок.
  • Кечээ өлкө аймагында коронавирус 3 жарандан чыккан. Сузак районунун 3 тургуну Сауд Арабиядан кичи ажылык сапардан 12-мартта Бишкек аракылуу учуп келишкен.
  • Коронавирус катталганына байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, үч айыл карантинге алынган. Райондун акими Эрмекбай Омошев маалымдагандай, райондун Благовешенка, Орто-Азия, Бостон айылдарында карантин жарыяланды.
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close