Аналитика

“Ханституция”. Баш мыйзамдын жаңы долбоору кыргыз коомчулугунда нааразычылык жаратты

Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты демилгечи болуп көрсөтүлгөн Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды.

Документке ылайык, президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

“Элдик курултайга ыйгарым укуктарынын негизинде курултайдын төрагасынын, президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын отчетторун угуу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын ээлеген ордуна ылайык эместиги жөнүндө сунуштарды киргизүү укугу берилет”, – деп жазылган долбоордун негиздемесинде.

Жаңы долбоордо президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт деп көрсөтүлгөн. Президент мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана беш жылга шайланат, бирок эки мөөнөттөн ашык эмес. Ал ошондой эле өкмөттүн курамын жана түзүмүн өзү аныктайт.

Жогорку Кеңештин тиешелүү жоболоруна өзгөртүү киргизилет. Ага ылайык беш жылдык мөөнөт менен 90 депутатты шайлоо сунушу киргизилген. Мында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору жарыяланары менен коомчулукта кызуу талкуу башталып, айрымдар бийликти “бир колго топтоо” катары сындап жатышат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов Жээнбековго кулдук ургандар Садыр Жапаров тарапка бурулганын айтып, өлкөнүн өнүкпөй жатышына мыйзам күнөөлүү эмес экенин белгиледи:

Мурдагы премьер-министр, саясатчы Феликс Кулов Баш мыйзамдын жаңыдан сунушталган редакциясына өзгөртүүлөр президенттик институт менен Элдик курултайды киргизип, президентке абсолюттук бийликти берүү менен гана чектелгенин билдирди.

«Жаңы долбоорду карап чыгып, эскиси менен салыштырса көп деле айырма жок. Болгону президенттик бийликти чексиз кылууга багытталган. Жогорку Кеңештин эч кандай көзөмөл функциясы калбайт. Бул Конституция боюнча бардык бийлик президентке гана таандык, өкмөт башчы болгону кызматынан чегинүү жана президенттик милдетин аткаруучу гана укукка ээ. Мындай башаламан, бийликти узурпациялаган Баш мыйзамды мурда-кийин көргөн эмесмин. Түркмөнстанда ушундай үлгүдөгү Конституция бар. Гурбангули Бердымухамедовдун бийлигин узурпациялаган биздеги Курултай сыяктуу Маслихат бар.

Азыр бийликти кандай жол менен болбосун алууну көздөп калышты. Мунун аягы жаман бүтөрүн дароо баса белгилегим келет», – деди саясатчы.

Айталы мурдагы депутат, президенттикке талапкер Садык Шер-Нияз 2010-жылы 7-апрелде кан төккөн 90 адамдын эмгегин тебелөө, тоталитаризмге бет алуу катары баалады.

“Менимче бул жаңы долбоорго кол койгон депутаттар өздөрү деле эмнеге кол койгонун билген эмес окшойт. Көптөгөн депутаттарга Конституциянын долбоорун көрсөтпөй эле кол кой деген сунуштар түшүп жатыптыр деген сөздөргө ишендим. Конституциянын бул долбоору Кыргызстанды 20-30 жыл артка алып барып таштайт. Себеби, анда президенттин диктатурасы, бийликте бири-бирине жолтоо болгон структуралар жазылыптыр. Маселен, Жогорку Кеңешти эл шайласа, анын үстүнөн эмнеге Элдик Курултай деген бир орган карашы керек? Элдик Курултай кандай система, кайсы принцип менен жыйналат? Эгерде ага Жогорку Кеңеш отчет бере турган болсо, отчету жакпай калса эмне болот? Мыйзам чыгаруучу органдын үстүнөн дагы бир көзөмөлдү орнотуу тоталитаризм менен диктатуранын жолу болуп калат. Президент бардык бийлик бутагын өз башкаруусуна алат деген сөз. Толук президенттик диктатура орноп, бир адам бардык бийликке үстөмдүк кылат деген сөз. Сот боюнча эч нерсе жок, соттор ушул эле бойдон иштесе Кыргызстанда таптакыр акыйкаттык болбойт. Демек, бизде президент сот дагы болот, мыйзам чыгаруу бийлигине үстөмдүк кылат, бардык тараптан бийликти алат. Бул долбоор Түркмөнстандын Баш мыйзамсынан ашып түштү”, – деди Садык Шер Нияз видео кайрылуусунда.

Президенттикке талапкер болгон Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев “Марал” радиосуна курган маегинде жаңы сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоорун Түркмөнстандын жолун кайталоо катары сыпаттаган эле.

Президенттикке талапкер Клара Сооронкулова жаңы Конституция бийликти жеке колго топтоого жол ачарын жазып, мындай болгон соң парламент жана соттун кереги канча деген суроону койду.

“Депутаттарды азайткыла дегендер эми жыргайбыз, 28 эле депутат мыйзам кабыл алып кое берет. Негизинен, Жогорку Кеңешти жоюп деле салса болгудай. Сотторду деле жоюп салыш керек. Президент өзү мыйзам чыгарса, аны өзү аткарса, сотту деле өзү жүргүзө берсин”, – деп жазды.

Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева сунуш кылынган долбоордо конституциялык түзүлүш толугу менен өзгөртүлгөнүн, авторитардык өлкөгө айландыруучу суперпрезиденттик форма, курултай институту киргизилип жатканын сынга алды.

“Эң негизги проблема ошондо болуп жатат. Жөн эле өзгөртүү киргизүү болсо, бир жөн. Азыр таптакыр жаңы Конституция жазып салышты. Жүз же андан ашык эксперттен, коом өкүлдөрүнөн турган конституциялык кеңешме түзүлүп, ал шашпай талкуулашы керек болчу. Ошондо гана коомдун колдоосуна ээ болду деп айта алабыз. А азыр жашыруун, ким жазганы белгисиз долбоорду таңуулап жатышат. Жарандык коом муну бойкот кылышы керек. Парламенттик шайлоону талап кылып, анан кийин 7-чакырылыштын депутаттары шашпай конституциялык реформа жүргүзсө болот. Дагы бир нерсени унутпашыбыз керек – жакында БУУ “Акча беребиз, бир шарты менен. Кыргызстан баарын Конституциянын жана мыйзамдын алкагында жасашы керек. Демократиялык баалуулуктарды сактайт” деп билдирген. Жасалып жаткан нерсе ошого карама-каршы келүүдө”.

Жаңы Баш мыйзамда бийликти басып алуу жана узурпация кылуу оор кылмыш экени жазылган. Андай болсо Садыр Жапаровдун жоопкерчилигин ким карайт деп жазды Жетиген Асанбек аттуу “Фейсбуктун” колдонуучусу.

“Раим коррупциялык схеманы “адалдап” алганына ПАРЛАМЕНТАРИЗМ күнөөлүү эмес, коррупциянын гүлдөшүнө ПАРЛАМЕНТАРИЗМ күнөөлүү эмес, депутаттардын, соттордун “кнопка” болушуна ПАРЛАМЕНТАРИЗМ күнөөлүү эмес, аңырдай ачылып калып, жабылбай калган араандарга ПАРЛАМЕНТАРИЗМдин эч тиешеси жок, мамлекеттин кыйрап атышына таптакыр ПАРЛАМЕНТАРИЗМ күнөөлүү эмес! Булардын баары болбошу үчүн ПАРЛАМЕНТАРИЗМге өткөнбүз, жазылгандай иштесе булар болмок эмес. Эл үчүн күйгөн адам жөн гана ошол мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылмак. Бийликти апчып жыгылбай! Баарына АБИЙИР таңсыктыгы күнөөлүү. Ошону оңдош керек болчу АША, Жээнбеков, эми Садыр. Абийириңер бузук силердин…”.

 

Социалдык тармактын колдонуучуларынын көбү бул жаңы Баш мыйзамга 4-октябрдагы нааразылыктын себепкери болгон “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партияларына кирген депутаттар демилгечи болгонун сынга алышты.

 

Бирок бул тизмеге кол койбогонун, парламенттик системаны колдой турганын айтып чыгышты.

“17-ноябрь түнү Конституциянын өзгөртүлгөн варианты Жогорку Кеңештин сайтына илинди. Ал жерде 80 депутаттын колу бар экен. Анын ичинде менин да кол койгон деп чыгарышкан.
Мен долбоорго кол койбогонумду дагы бир жолу баса белгилейм!
Мен Конституцияны өзгөртүүчү топко кирүү үчүн, ал процессти ичинен көрүү үчүн, ал долбоорду жазып атканда парламентаризмдин позициясын коргоо үчүн, демилгелөө топко кирүү үчүн колумду койгом.
Кечээ долбоорду сураганымда, даяр долбоорду көрсөткөндө, мен ошол эле жерден өзүмүн каршылыгымды айтып, чыгып кеткем!
Мен бир гана парламентаризмди колдойм жана бул позицияман тайбайм!”, – деп жазды депутат Эмил Токтошев.

 

Дастан Бекешев Кыргызстан Бакиевдин дооруна кайтуу алдында турганын, ошол бийликке кызмат кылган юристтер азыр Баш мыйзамдын долбоорун жазганын белгиледи.

“Достор биз 80 депутаттын жардамы менен артка кайтканы турабыз. 2010-жылы 7-апрелде өлгөн 90дон ашуун баланын каны жокко чыкканы турат. Бакиевдин юристтери президенттик аппаратта отуруп алып мыйзам жазып атат. Мындай жолду тандоого болбойт. Анте турган болсок артка кетип, орто кылымга кайтабыз. Өлкөнүн келечеги үчүн жаңы Баш мыйзамга каршы кыймыл түзүүгө чакырам”.

Жарандык активист Жакшылык Матанов мындай өзүм билемдиктин арты жакшылык менен бүтпөсүн эскертти.

“Мени бүт өлкө колдоп жатат десеңиз жаңылышасыз, тынчтык үчүн унчукпай отургандар сени колдогондордон дагы көп, эгер ушул менен кете берсеңиз, унчукпай отургандар кыймылдаса акыры жаман бүтөт.

Бүгүн сизди чуңкурга түрткөндөр, эртең бийликтен кеткеңизде Акаевди, Бакиевди, Атамбаевди, Жээнбековду саткандай бир күндө сизди сатып, жаңы келген бийликтин обонуна салып ырдап, аркаңыздан шыбап кала беришет. Ошондуктан тарыхтан сабак алып, этияттап иш кылыңыз!”.

 

“Азыркы көйгөйлөрдү чечүүгө Конституция эч жолтоо эмес. Жолтоо болгон бир эле нерсе бар – ал бийликте турган адамдардын ой жүгүртүүсү. Башка нерсени айтуу мүмкүн эмес.
Конституцияны мындай тездикте жазып, бир ай талкуулап-талкуулабай, референдум аркылуу “күч” менен кабыл алуу анын өмүрүн 5-10 жылга гана жеткирет, балким, ага да жетпей калышы мүмкүн. Парламентке жаңы саясий күчтөр келип, шашпай талкуулап, анан референдум аркылуу өткөрүү Конституциянын өмүрүн узатат. Туруктуулук ошондо болот. Күч менен кабыл алынган Конституция абат болбойт. Мындан тышкары азыркы Жогорку Кеңештин легитимдүүлүгү да суроо жаратат. Дүйнө алдыгы жылып жатса биз ордубузда турганды кой, артка карай кеттик…”, – деп жазды билим берүү жаатындагы адис Бакытбек Абдуллаев.

 

Ал эми саясат талдоочу Адил Турдукулов өкмөт башчынын милдетин аркалап аткан Садыр Жапаров чоң тобокелдикке барып атканын жазды.

“Парламентаризмди негизги маңызы – өкмөттү түзүү жана анын ишмердигин көзөмөлдөө. Азыркы башкы мыйзамдын долбоорунда өкмөт ЖКга эмес, түздөн түз президентке баш ийет.

Ошондуктан экс-ажолорго окшоп, жаңы шайланган президент, мамлекеттеги көйгөйлүү маселелерди өкмөткө оодара кое албайт, жоопкерчиликти өзүнө алат. Коронавирус күчөп же чек арада атышуу болуп калса, ал үчүн өз керт башы менен жооп берет.

Жогорку Кеңеш дагы мурункудай өкмөтүү сөксө да, алар колдорун жайып берет. Анткени бүт бийликти президент өз колуна мыкчып алынган болот. Жаңы Конституцияда так ошондой жазылат.

Ошондуктан Садыр Жапаров чоң тобокелчиликке барып жатат. Эгерде эбегейсиз чоң бийликти алып анын авторитардык башкаруусу аркылуу Кыргызстан – Сингапур, Түштүк Кореяга окшоп чукул түрдө экономика өнүгүп кетсе, Жапаров “кыргыздын Ли Куан Юсу” аталып калат. Эгерде бир жылдын ичинде экономикада жылыш болбосо – Жапаровду бийлиги да өтө жаман аяктайт. Эки эле жол бар”.

 

Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт деп көрсөтүлгөн. Президент мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана беш жылга шайланат, бирок эки мөөнөттөн ашык эмес. Ал ошондой эле өкмөттүн курамын жана түзүмүн өзү аныктайт.

Жогорку Кеңештин тиешелүү жоболоруна өзгөртүү киргизилет. Ага ылайык беш жылдык мөөнөт менен 90 депутатты шайлоо сунушу киргизилген. Мында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору жарыяланары менен социалдык тармактарда кызуу талкуу башталып, айрымдар бийликти “бир колго топтоо” катары сындап жатышат.

Толугу менен
Back to top button