ВидеоСпорт
Маанилүү

Хабиб Нурмагомедовдун турнир алдындагы проморолиги чыкты (ВИДЕО)

Россиялык спортчу ушул дем алышта Абу-Даби шаарында америкалык Жастин Гэтжи менен күч сынашып, наамын үчүнчү ирет коргомокчу.

UFC уюмунун чемпиону, россиялык белгилүү мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык каршылашы Жастин Гэтжинин беттеш алдындагы проморолиги жарыяланды.

Видеону социалдык тармакка Абсолюттук мушкерлер уюмунун президенти Дана Уайт алып чыкты.

Промороликте эки мушкердин буга чейинки кармаштарынын эң кызуу жерлери — жеңишке сүйрөгөн укмуштуудай спорттук ыкмалары, нокауттары көрсөтүлөт. Ошондой эле алдыда боло турчу беттешке машыгуулары чагылдырылган.

Эскерте кетсек, Нурмагомедов 24-октябрда Абу-Даби шаарында Гэтжи менен күч сынашат. Анда россиялык мушкер наамын үчүнчү ирет коргомокчу.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button