БийликСаясат

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 12-апрелге белгиленди

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңешке жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлы-Суу шаардык кеңештерине шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине белгиленди. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Айрым аймактарда жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында каттоого турган жарандардын көбөйүп жатканы кабарланды. Мамлекеттик каттоо кызматы каттоого тургандардын көбөйүп жатканы эч кандай мыйзам бузуу эмес экенин бирок, Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте абалды талкуулап чыгаарын маалымдады.

Булак
"Azattyk"
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close