БийликӨкмөт

Ош мэриясында Саркарбаевди кызматтан алуу маселеси каралат

Кылычбек Саркарбаевди Ош мэриясынын Спорт комитетинин башчысы кызматынан алуу маселеси каралат. Бул тууралуу "Азаттыкка" мэриядан кабарлашты. 14-февралда Интернетке спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун президентке видеокайрылуусу чыккан.

Анда Рахманберди уулу Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын иниси Нурбек Раимбековдун балдары жана Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев тапанча менен ок атып аны коркутушканын билдирген. Ал “Бул тууралуу ооз ачсаң, сенин жана Эмилбек Кимсановдун үстүнөн иш козготуп каматабыз” деп коркутушканын айткан.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Рахманберди уулунун президентке кайрылуусун негизсиз деп, мурдагы көрсөтмөлөрүнө дал келбей жатканын маалымдады.

“Азаттык” Кылычбек Саркарбаевден жана Нурбек Раимбековдон азырынча комментарий ала алган жок. Президенттик аппараттан да реакция боло элек.

Ош облустук милициясы «Саркарбаев 2019-жылдын 22-сентябрында Ош шаарына жакын Фуркат айылында мурдагы милиция кызматкери, эрежесиз мушташ чебери Төлөгөн Рахманберди уулун аткан» деп маалымат тараткан. Кийин Рахманберди уулу өзүн өзү атып алганын айтып чыккан. Бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, териштирүү жүрүүдө.

Саркарбаев Ош мэриясынын Спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарат. 2019-жылдын 27-декабрында Оштун мэринин жаштар үчүн уюштурган жаңы жылдык кечесинде «Жылдын мыкты жаш жетекчиси» наамы ыйгарылган.

Булак
Азаттык
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close