АналитикаБийликЭкология
Маанилүү

Соода кызыды: “Жерүй” алтын кени кытайларга сатылабы?

Талас районунун Бек-Молдо айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан “Жерүй” алтын кени Кыргызстандагы алтындын запасы боюнча Кумтөрдөн кийинки эле орунда турат. Аны иштетүү боюнча лицензия аукциондун негизинде 2015-жылы 100 миллион долларга орусиялык «Восток-геолдобыча» сатылып, “Альянс-Алтын” ишканасы тузүлгөн. Геологиялык алдын ала изилдөөлөр боюнча бул кенде 105 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков Коопсуздук кеңештин жыйынында «Тоо-кен тармагы мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып кетиптир» деп коррупцияга каршы күрөш жарыялап, элди көмөктөшүүгө чакырган. Көмөгүбүз тийсин деп “Жерүй” алтын кенинде былгып жаткан иштердин бетин ачып берүүгө аракет кылып көрдүк. Анда кеп башынан болсун….

“Жерүй” кени 1964-жылы ачылган. 105 тонна запасы бар. Аны иштетүүгө 1989-1990-жылдары уруксат берилген. Союз тарап кеткенден кийин каражаттын жоктугунан казылбай токтоп калып, Кыргыз тоо-кен комбинатынын карамагына өткөн. Андан соӊ аны америкалык «Мордзен гнудзен» деген фирма алган. 4-5 жыл кармап, бирок ишке киргизбегенден кийин өкмөт аны канадалыктарга берген. Алар дагы иштете албагандан кийин «Оксус» деген англиялык фирма алган. Бул фирманын аракеттеринин негизинде 2006-жылы кен ишке кириши керек эле. Бирок кандайдыр бир себептер менен өкмөт кенди швейцариялык «Глобал голд» деген тоо-кен ишканасына берип коюшкан. Кийин алар “Визор холдинг” деген казак компаниясына сатып жиберген. 2010-жылы бул компаниядан планды аткарбаганы үчүн лицензиясы алынып салынган. Аталган компания Өкмөттү жана Жаратылыш ресурстар агенттигин сотко берген. Өкмөттү кендеги компаниянын үлүшү боюнча сотко берип, 400 млн доллар талап кылып келет. Ал эми Жаратылыш ресурстары министрлиги сот учурунда лицензия мыйзамдуу түрдө тартып алынганын далилдеп, утуп алган. Бул аталган кенди кайрадан сынакка коюуга мүмкүнчүлүк берген. Андан бери өкмөт бул кенди иштетүү үчүн бир канча жолу сынак жарыялады. Бирок, инвестор табылган жок. Инвесторлордун келбей жатканына Талас элинин бул кенди иштетүүгө каршылык көрсөтүп жатканы дагы себеп болуп жатканын айтышат адистер. Өкмөт бул кенди иштетүүгө февраль айынын аягында дагы конкурс жарыялады. Эми анын аягы кандай болору али белгисиз.

Эмне себептен Жогорку Кеңештин депутаттары ЖЭБтеги коррупция боюнча мамлекеттик комиссия түзөт да, ал эми 5 млрд. долларга бааланагна алтындын кору бар “Жерүй” конкурсунун мыйзамдуулугу жана адилеттүүлүгү боюнча мамлекеттик комиссия түзүшпѳйт?

Кыргызстандын Кумтөрдө 27%, кытайлык «Алтынкен» компаниясында 40%, кытайлыктардын Терек-Сайдагы компаниясында 25%, «Макмалда» 30% үлүшү бар. «Эмне үчүн “Жерүйдө” Орусиядан келген компанияда Кыргызстандын бир тыйындык үлүшү жок? Эмне үчүн ошол кезде келишим түзүп жаткан бийлик башындагылар Кыргызстандын үлүшүн кошкон эмес?»

Башында “Жерүй” кен аукционго коюлуп, ал 300 миллион долларга бааланган. Кытайлык “China Gold” мамлекеттик компаниясы 500 миллион доллар төлөө ниетин билдиргени жөнүндө маалыматтар тараган. Кийинчирээк, кайсы бир тараптын кызыкчылыгы менен, тагыраагы, геосаясий кубатты колдонгон тараптар муну өз пайдасына чечүүгө жетишкен. Ошентип, 500 миллион доллар берүүгө даяр кытайлык компания куру калып, аукционго коюлган алтын кендин баасы 100 миллион долларга түшүп калган.

Муса Бажаев – российский предприниматель чеченского происхождения, президент и совладелец многопрофильного концерна «Группа Альянс», который занимается строительством, нефтяной и текстильной промышленностью. Кроме того, Бажаев входит в Совет директоров группы компаний «Русская платина», причем занимает там должность председателя.

Ошентип, 2015-жылы кыргыз өкмөтү жаңы аукцион жарыялап, анда орусиялык олигарх Муса Бажаевге караштуу “Востокгеолдобыча” компаниясы уткан. Андан кийин “Востокгеолдобычанын” алдында түзүлгөн “Альянс Алтын” Жерүйдү иштете баштаган. “Альянс Алтында” Бажаев жалгыз акционер эмес. Ал алтын кендин 60 пайызына ээлик кылса, калган 40 пайыз “Токмоктук граф” атка конгон казакстандык олигарх Алижан Ибрагимовго таандык. Ошол эле учурда эл ичинде “Альянс Алтында” президенттик шайлоодо ат салышкан мурдагы депутат Өмүрбек Бабановдун 20 пайыз үлүшү бар деген кептер тараган. Жерүй кенине мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабановдун жеке кызыкчылыктары бар экендигин, ошол убакта тарап кеткен телефондук сүйлөшүүлөрдүн аудиосу далил болуп бере алат.

Анда Таабалдиев менен Бажаевдин сүйлөшүүсү жазылган. Ошол жерде Таабалдиев “президенттин тапшырмасы менен мен силер менен сүйлөшүп жатам” деп айткан.

Өмүрбек Бабанов досу Муса Бажаев менен

Ал кездеги жетекчилер «Кыргызстан 100 миллион доллар алды» деп мактанган. Эми салыштырып көрөлү, Терек-Сайда үч алтын кени бар, түрктөр иштетет. Ал жердеги алтындын кору 10 тонна. Алар Кыргызстанга 20 миллион доллар акча төлөп беришти, андан сырткары 25% Кыргызстанга үлүш беришти. Мындан сырткары «Кыргызалтын» алардын башкаруусуна да катышат. Ал эми Жерүйдөгү алтындын запасы Терек-Сайга караганда 10 эсе көп – болгону 100 миллион доллар төлөдү, үлүш да берген жок, башкаруусуна да катышпайбыз.

Эми ошол “Жерүйдөгү” алтын кени сатылып жатканын Ак үйдөгүлөр билеби? Айтор, жарыбаган акчага лицензия сатып алган шылуундар казып алына элек  кыргыз алтын кенин орустардын «Полюс Золото» компаниясы ээлик кылган  «Талас Голд Майнинг Компани» ишканасын казактардын Асаубаевдердин үй бүлөсүнө таандык “Altyn Group” компаниясына 385 миллион долларга сатмак болгон. Бирок, Кытайдын карааны көрүнүп, кызуу соодалашуу жүрүп, “China Gold” компаниясына 500 миллион долларга сатмакчы болуп жатканы жөнүндө кептер жазыла баштады. Ошентип Бажаевдер орто жолдо 400 миллион доллар пайда көргүсү келип жатабы? Мындай маалымат “Коммерсантъ” басылмасы “Орус платинасы” компаниясындагы маалымат булагына шилтеме берип, учурда Кыргызстандын “Жерүй” алтын кени боюнча сүйлөшүүлөр жанданганын жазып, аны иштетүүнүн техникалык долбоору жакында кыргыз өкмөтүндө бекитиле турганын жарыялаган. Россиянын “Восток геолдобыча” компаниясына 2015-жылы аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган «Жерүй» алтын кенин Кытайдын мамлекеттик “China National Gold Group” компаниясы кызыкдар болуп жатканын россиялык “Коммерсантъ” жазып чыккандан кийин, эл арасындагы «Жерүй» кени 600 миллион долларга сатылып кетиптир деген сөздөрдүн чындыгы бар экени айтылып баштаган.

“Жерүйдүн” лицензиясын 100 млн долларга сатып алышып, эл аралык биржаларда 300-400-500 млн долларга сатышы мүмкүн. Эгерде алтын алып чыга турган болсо, анда өлкөгө роялти, бонус жана салык төлөөгө милдеттүү болушу керек эле. А эгерде антпесе, пайдалануу укугун алып коюуга өкмөттүн толук укугу бар.” экенин Алманбет Шыкмаматов айтып чыккан эле.

Илимий изилдөөлөргө, геологиялык чалгындоолордун маалыматына таянсак, Жерүйдөгү жердин алдындагы алтындын өлчөмү 105 тонна. Анын 80 тоннасы таптаза алтын. Ошол 105 тонна алтындын эл аралык биржадагы баасы 5 миллиард долларга бааланат.

Алтындын үстүндө жаткан Кыргызстан эмнеге жакыр жашайт? Ушунча алтындын үстүндө басып жүрүп кедей болуп жашабай, ал кендерибизди туура пайдаланып, иштетсек, мамлекетибиздин экономикасына пайда болору турган иш. Бизде тескерисинче, “Жерүй” алтын кенин иштетүү укугун 100 миллион АКШ долларына сатып алган Муса Бажаев менен Алижан Ибргаимовго таандык компания аны кайра үчүнчү жакка кымбат баага сатканын карап гана коюп отурабыз.

Кыргызстан бул кенден бир тыйын пайда көрбөгөндөн кийин, Кытайлык компанияга ортомчусуз эле берип, андан түшкөн пайданы кайра Кытайдан алган карызды жабууга жумшаса болбойт беле деген суроо пайда болот…

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close