Жогорку Кеңеш

ЖК комитети Малайзиядагы элчиликке Бекназаровдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин профилдик комитети Малайзиядагы элчилик кызматка сунушталып жаткан Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин жабык эшик артында карады.

 Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кезектеги жыйынында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин жактырды.

Аталган комитеттин 12 мүчөсү Бекназаровдун талапкерлигин колдой турганын билдирсе, депутат Ирина Карамушкина жалгыз каршы добуш берген.

Комитеттин жыйыны жабык эшик артында өттү.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close