БийликЖогорку Кеңеш
Маанилүү

Элге кылган жакшылыгы ушулбу?

Депутат партиялардын ишин сынга алды

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жер-жерлерде жарандарды жапырт жасалма катоолор жүрүп жатканын айтып, акыркы алты айда каттоого тургандар жергиликтүү кеңештеги шайлоолорго катыша албай тургандай механизм иштеп чыгуу керектигин айтты.

«Бул шайлоо эмес. Биз шаардыктардын өзүнүн мэрин, өзүнүн депутаттарын тандап алуу укугунан ажыратып салдык. Менин укук коргоо органдарына, жергиликтүү бийликке дооматым жок. Бирок муну жасап жаткан партиялар, саясий лидерлер», – деди Акаев.

Ал кошумчалагандай, жергиликтүү кеңештерге шайланууга бара турган саясий партияларга паспортторун алдырып жиберген адамдар жөлөкпулдарын, студенттер стипендияларын ала албай жатат.

«Миң сом беребиз деп жатып элдик азапка салдык. Партиялардын, болочок депутаттардын элге болгон жакшылыгы ушулбу? Биз мындай жосундарга каршы кескин чараларды көрүп, шайлоочулардын өз өкүлдөрүн эркин тандап алуусуна мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек», –деди эл өкүлү.

12-апрелде өлкөдө 31 шаардык жана айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо өтөт.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close