БийликӨкмөт

Акрам Мадумаров вице-премьер-министр кызматына бекитилди.

Парламент Кыргызстандын вице-премьер-министри кызмат ордуна сунушталган Акрам Мадумаровдун талапкерлигин жактырып, 12-февралда Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Акрам Мадумаров 2019-жылдын апрель айынан бери өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп жаткан. Ага чейин Мамлекеттик кадр кызматын жетектеген.

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматтан кетүүгө арыз жазып, жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 11-февралда кол койгон.

Разаков үй-бүлөлүк шартына байланыштуу вице-премьер-министрлик кызматтан кеткенин айткан.

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин билдирүүсүндө, Акрам Мадумаров чек ара маселесин гана көзөмөлдөп, чек арага жакын райондордун социалдык маселелерин чечүү менен алектенет.

Ал эми күч жана укук коргоо органдары премьер-министрдин башкаруусуна өтөт.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close