ВидеоСаясат
Маанилүү

ВИДЕО — К. Макеев: «Эшек сатаарлар эл башкарам дейт»

«Ата Мекен»  саясий партиясы үгүт кербени шайлоочулар менен жолугушууну улантууда. Кечээ, 17-сентябрда «Ата Мекен» париясынын Ноокат шаарындагы шайлоочулары менен жолугушуу учурунда аталган партиянын мүчөсү Керимберди Макеев «Биримдик» партиясынын өкүлдөрүнө, райондун акимине кайрылды:

«Бийлик буларда болсо эле баарынын моюнунан илип, коркутуп, мобул жерде отурган райондун акими, милициянын начальниги, райондун прокурору баары абийирин сакташ керек.  Элди кысымга алып, азыркыдай күчкө салып, андайдын кереги жок. 2005-жыл менен 2010-жылды унутуп калдыбы? Мына катарда турган бийликтин өкүлдөрүнө кайрылып кетем… эсиңерге келгиле бийликтегилер! Мен биримдикти баштап жүргөн кандидатты жакшы билем. Эшектин этин сатып жүргөнүн да жакшы билем.»

Андан сырткары, айрым шайлоочуларга карата коркутуулар болуп жатканын кошумчалап, партияларды адилеттүү, таза күрөшүүгө үндөдү.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт