КоомОкуялар

“Вефа” соода борбору кайрадан талашка түштү

10-февралда Жогорку Соттун коллегиясы аталган соода борборунун мурдагы ээси “Өзгүн Иншаат” акционердик коомунун кассациялык арызын кароону баштады. Аталган ишкана Бишкектеги “Вефа” соода борборунун азыркы ээси “Аруу Жылдыз” ишканасы менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну жана соода борборунун ээси катары “Өзгүн Иншаатты” таанууну өтүнгөн.

Жогорку соттун коллегиясы 10-февралдагы отурумунда тараптардын жүйөөлөрүн укту. Сот жараянына Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат да катышты.

Ишти кароо 13-февралда уланат.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button