КоомМаданиятСпорт

Валентина Шевченкого арналган кыргызча гимн жарык көрдү

Кубатбек Маматов аттуу колдонуучу Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченкого арнап кыргызча гимн жазды. Ал ырды Шевченконун жеңишинен кийин өзүнүн жеке баракчасына жүктөгөн.

Эмесе ал ыр саптарын толугу менен, оңдоп-түзөөдөн өткөрбөй сиздерге тартуулайбыз:

Сени менен сыймыктанып баарыбыз,
Сулуу сары Кыргызыма дары кыз.
Пушка өңдүү тепкенини жыгыткан,
“Пуля” аттуу лакабы бар сары кыз!

Кыргызстанда дал өзүсүн жылдыздын,
Кыйын, күчтүү өжөрлүгү бул кыздын.
Көзү көгүш, өзү сары болсо да,
Кулагында эни бардай Кыргыздын!

Илбирс сымал секиргени бул кыздын,
Билегинде күчү бардай үч кыздын.
Жолукканга жолборс сымал тап берген,
Жүрөгүндө каны бардай Кыргыздын!

Душманыңдын колу бутун байлагын,
Моюнун кысып дем алдырбай жайлагын.
Кайда жүрсөң желбиреткин дайыма,
Кызыл түстүү Кыргызымдын байрагын!!!

Эске салсак, 2020-жылдын 9-февралында АКШнын Хьюстон шаарында өткөн турнирде,  мекендешибиз Валентина Шевченко Кэтлин Чукагян менен күч сынашып, 3-раундда атаандашын нокаут менен утуп алган эле.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button