КоомСпорт

Валентина Шевченко Аманда Нуньес менен үчүнчү ирет беттешүүгө даяр

UFC уюмунун 57 килограммга чейинки салмак категориясындагы чемпиону Валентина Шевченко Аманда Нуньес менен үчүнчү ирет беттешүүгө даяр. Бул тууралуу кыргызстандык спортчу theScore спорт порталына маек куруп жатып айткан.

Кыргыз спортчусунун видео маеги YouTube каналына жарыяланды.

Спортчу маегинде “ушул жылыбы, же кийинки жылыбы, так билбейм, бирок Аманда менен беттеш сөзсүз болот. Азырынча бул тууралуу ойлоно элекмин. Анткени салмагым боюнча көп маселени чечишим керек. Нуньес менен экинчи беттештин жыйынтыгы таптакыр туура эмес болуп калган. Элге үчүнчү беттеш керек. Ал мелдеш бир күнү болот”, — дейт Шевченко.

2016-2017-жылдары Валентина Шевченко менен Аманда Нуньес 61 килограмм салмакта октагандо эки ирет жолугуп, экөөндө тең бразилиялык спортчу калыстардын чечими менен жеңишке жеткен. Ошондон кийин Шевченко 57 килограмм салмакка которулуп, бул салмакта чемпион болгон. Ал ар дайым Нуньес менен “бүтпөй калган иши” бар экендигин айтып келет.

8-февралдан 9-февралга караган түнү АКШнын Хьюстон шаарында UFC 247 турнири өтөт. Ал жакта кыргызстандык спортчу америкалык Кэтлин Чукагян менен октагонго чыгып титулун үчүнчү ирет коргомокчу.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button