БийликЖогорку КеңешОкуялар
Маанилүү

“Уялчаак депутат” улут аралык кастыкты козуттубу?

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев 5-февралда парламентте Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге Ат-Башыда логистикалык борбор тууралуу суроо берип жатып:

“Бизде Ат-башыда ласткалык центр (логистикалык борбор – ред.) курабыз деп, куралбай элдер каршы болуп жатышат. 0,1%ды түзгөн уйгурлар бар. Ошолор элди акча берип бузуп жатат. Ушуну Мухаммедкалый Дүйшекеевич өзүңөр барып түздөп койсоңор болбойбу” – деп айткан.

Өкмөт башчы учурда жумушка орношууну каалагандар кезекке туруп, жазылып жатышатканын, социалдык тармактардагы 20-30 киши элдин баарын дүрбөтүп, коомдо пикир пайда кылайын деген ойдо экенин белгилеген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети депутат Жолдошбаевдин сөздөрүн талдоого алып, саясий-филологиялык  экспертиза жүргүзүп, эгер бул айткандарын далилдей албаса, “Кылмыш жаза” кодексинин 299-беренеси (Улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу) менен кылмыш иш козгошу керек. Анткени депутаттын айткандарында улуттар аралык жаңжалга чакырыктар бар экени даана көрүнүп турбайбы?

Улуттар аралык чагымчылдыкты козуткандарга карата катуу чара колдонушу керек. Анткени өлкөдө бир эмес, бир нече жолу улуттарынын ортосунда кагылышуу болгон. Акыркысы 2010-жылы болуп, андан жүздөгөн жаран каза тапканы белгилүү.

Эске салсак, буга чейин депутат Камчыбек Жолдошбаев маршруткада жүргөн депутаттардан уяларын айтып, коомчулуктун арасында “уялчаак депутат” деген атка конгон.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button