ВидеоСаясат
Маанилүү

«Ушул шайлоодон кийин Кыргызстан эгемендигинен ажырап калуу коркунучунда турат» — Экс-депутат чукул кайрылуу жасады

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов чукул кайрылуу жолдоп, жаңы келе турган парламент өлкөнүн эгемендигине байланыштуу маселелерде элдин кызыкчылыгына добуш бербей турганын эскертти. Ал өз сөзүндө:

Азыр айтылбаса кеч болуп калат. Себеби, ушул шайлоодон кийин Кыргызстан эгемендигинен ажырап калуу коркунучунда кала турган маселелер коюлганы жатат парламентте. Ошол эле, «Кыргыз Темир Жолу», “Кыргыз нефть” коюлганы жатат. Биз кайсы бир өлкөнүн этегин кармап кала турган маселелер коюлганы жатат. Ошон үчүн бул парламент аларга каршы тура албайт. Ал парламент чоң державага эмес, бүгүн мамлекетти басып Жээнбековго кашы тура албай жатат. Коррупционерге каршы тура албай жатат. Атын айта албай жатат. Эгер чын эле булардын коррупция менен күрөшүү ниети болсо, булар азыр айтмак, кимдин эмне кылып жатканын. Мен силерге кайрылам, «баарына каршы» добуш берип, шайлоону, саясатты оңдоп кетүүгө шарт түзүп бергиле» — деп кайрылды экс-депутат.

Эске салсак, Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Үгүт иши 4-сентябрда башталган.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button