ДүйнөКоомЭкономика

Улуттук банктын төрагасы валюта базарындагы кырдаал боюнча маалымат берет

 

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов эл аралык валюта базарындагы кырдаалдын сомго таасири, улуттук валютанын курсун сактоо аракеттери тууралуу журналисттерге айтып берет.

Улуттук банк кечээ валюталык интервенция жасап, 53,7 миллион долларды сатыкка чыгарды. Анын 4 миллиону накталай түрүндө сатылды.

Кыргызстанда доллардын баасы 10-март күнү кескин көтөрүлдү. Айрым коммерциялык банктарда 1 АКШ доллары эки күн мурункуга караганда үч сомго кымбат, дээрлик 73 сомдон сатылды.
Кечке жуук Бишкектеги айрым акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 70-71 сомдон сатып алынып, 73-74 сомдон сатылып жатты. Көпчүлүк акча алмаштыруучу жайлар доллар сатышкан жок.

 

Булак
azattyk.org
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close