Мыйзам жана укукСаясат

Улукбек Кочкоров УКМКнын 50 миң сомдук коляска тууралуу айыптоосуна жооп берди

Мурдагы Социалдык өнүктүрүү министри 50 миң сомдук жана 15 миң сомдук атайын майыптар үчүн коляска тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасында жооп берди.

Ал өзүнүн билдирүүсүндө 50 миң сомдук коляска көп функционалдуу коляска экендигин түшүндүрүп кетти.

«Мен иштеп кеткен министрликтин жана кызматкерлердин дарегине айтылып жаткан пикирлерден улам мен өз оюмду билдирип коюуну туура көрдүм.
Мен министр болуп келгенде шал ооруусу (ДЦП) менен ооруган майып жарандарыбыз комнатада жүрүүчү жөнөкөй колясканын ыңгайсыздыктарын айтышып, көп функционалдуу коляскага өтө муктаж экенин билдирип жатышты. Муктаждыктарын дароо эле чечип салуу мүмкүн болгон жок. Анткени, Өкмөттүн жоболорунда көп функционалдуу коляска алууга уруксат берилген эмес эле.

Министрлик 1 жыл талыкпаган эмгек жумшап, чуркап, Өкмөттүн тиешелүү жобосуна өзгөртүү киргизгенге жетишти. Жыйынтыгында муктаждарды көп функционалдуу коляска менен камсыздоого жол ачылды. Майыптарды көксөп күткөн көп функционалдуу коляскалар менен камсыздадык. Алардын кубанычында чек жок эле. Чексиз ыраазылыктарын айтышып, кубанычтан көз жашын агызышкан. Биз алар үчүн жакшы иштерди жасаганыбызга ыраазымын.

Эми бааларына токтолоюн. 15000 сомдук коляска дегени бул жөнөкөй комнатада жүрүүчү коляскалар. Андайларды министрлик 10 миң сомдун тегерегинде сатып алган.
50 миң сомго алды делген коляскалар көп функционалдуу коляскалар. Шал ооруусу менен ооруган балдарга ылайыкталган. Тулку боюн, белин, моюнун, башын түз кармайт, чалкалатып уктаганга ылайыктап койсо болот, отуруп тамак ичкенге ыңгайлаштырылган, айтор көп функциясы бар. Албетте, мунун баасы 15 миң сом эмес. Анын баасы 100 миң сомго чейин барат. Аны ар кандай интернет сайттарынан карап көрсөңүздөр болот.

Аныгына жетпей туруп, каңырыш угуп алып эле айта берген, жаза берген ылайыксыз нерсе. Ырас, «Москвичтин» акчасына «Мерседес» бербейт. Ар бир нерсенин өзүнө жараша баасы болот. Албетте, мыйзам бузуулар болсо, тиешелүү адамдар жооп бериши керек, бирок, министрликтин кызматкерлеринин эч кандай күнөөсү жок деп ишенем.»-деди ал.

Эскерте кетсек, кечээ 10-мартта мурунку социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери УКМК тарабынан суракка чакырылган.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт