БийликПрезидентСаясат
Маанилүү

УКМКнын Калиеваны суракка чакыруусу коррупцияга каршы күрөшпү же басып алуубу?

5-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын суракка келбей, тергөөчүнүн чакырууларын тоготпой жатканын кабарлады. Калиеванын адвокаты анын ооруканада жатканын айтууда.  Муну серепчилер эки тараптын тирешүүсү  деп бааласа, айрымдары сот бийлигин басып алууга аракет катары көрүшүүдө.

Калиева 5-январда жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине 30-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен чакыруу кагазын алгандыгын, 2-январдан тарта дарыланып баштаганын, 4-январда болсо ооруканага жатканын, ал боюнча УКМКга кабарлангандыгын жана алар ооруканада экенин жеринен тастыктап кетишкендигин билдирген.

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын учурда ооруканада экенин аталган мекеменин басма сөз катчысы Чынара Мамытканова да тастыктады.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда журналисттерге маалымат берип жатып, Жогорку Сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе, ал камакка алынарын айткан. Муну саясат талдоочу, журналист Айданбек Акматов таптакыр туура эмес көрүнүш деп эсептейт.

Анын айтымында, маалымат жыйынында эле чыга калып коркутпай, бардык иштер мыйзамдык талаада жасалышы керек. Жалпы сот системасына карата жасалган иштер аларды багынтууга мажбурлагандай көрүнүш болуп жатат.

«Биринчиден, сот системасын жоопкерчиликке тартуу үчүн кепилдиктер берилип, аларга басым жасалгандай болбошу керек. УКМКнын Жогорку Сотко жасап жаткан ачыктан ачык кысымдарын сот институтуна жасалган опузалоо деп баалайм. Кылмышка шектүүлөр болсо Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, Жогорку Кеңештин уруксатын алып, тийиштүү иликтөөлөр жүргүзүлүшү керек. Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясы да өзүнүн чечимдерин чыгарышы керек. Керек учурда түнү болсо түнү, күнү болсо күнү бир сааттын ичинде өздөрүн актатып алып, андан кийин дагы бир нерсеси үчүн коркутуп-үркүтүүгө чыгуу — каракчылык көрүнүш. Мындай нерселерге мыйзамды сыйлаган өлкөлөрдө таптакыр жол берилбеши керек».

Кайсы бийлик келбесин, ал сот бийлигин колго алганга аракет кылат деген оюн Конституциялык соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова билдирди.

«Ошол себептен бул жерде Жогорку Соттун төрагалык ордуна күрөш болуп жатат. Гүлбара Калиева ачык айтпаганы менен башынан эле «өз ыктыярыңыз менен кетиңиз» деген сунуш келди болушу керек. Анан ал киши болбой койду болушу керек. Анан булар коркутуп, кетиргендин аракетин жасап жатат. Ал жерде коррупция боюнча эч кандай факты деле болушу мүмкүн эмес. Болгондо да акча мамлекеттин акчасы болбой жатпайбы. Долбоорду Европа Биримдиги ишке ашыргандыктан, донор акчасын уурдатпай калсын». 

Калиева өзү өткөн жылдын 29-декабрында «Азаттыктын» түз эфиринде Жогорку Сотту санарипке өткөрүү долбоорун Европа Биримдиги ишке ашыргандыктан, ага кийлигишүү болбогонун жана жеке өзү эч кандай документке кол койбогонун айткан.

«Долбоорду ишке ашыруу үчүн 2016-жылы меморандумга кол коюлган. Алар өздөрү тендер жарыялап, жеңүүчүсүн аныктап, өздөрү акчаларды төлөп жүргөн. Бизден бир да мүчө жеңүүчүнү аныктаган тендердик комиссияга кирбейт, же акча түшпөйт. Маалымат жыйыны болгон күнү төрт кызматкер аудит менен бухгалтерияга келип, бюджеттин кайсы акчасы алынып калганын издеп жатат. Жок болуп жатпайбы, ошого жаным кашайып жатат».

2020-жылдын 28-декабрында Башкы прокурор тарабынан Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны жоопко тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуш жөнөтүлгөн. Тартип комиссиясы бул маселени карай элек.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт