
Мурунку депутат Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилип, кайра ошол күнү эле кое берилген. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Сабыр Жапаров, мурунку депутат Каныбек Осмоналиев, активист Амангелды Артыков жана башкалар 2-мартта кечинде УКМКга жеткирилген болчу. Кийинки күнү белгилүү болгондой, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында К.Осмоналиев Жазык кодексинин 39-беренеси жана 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо») боюнча шектелип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
2-мартта Бишкек шаарынын борборунда мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүп, 1,5 миңдей адам чогулду. ИИМдин маалыматы боюнча, митингден кийин 166 адам кармалып, төртөө камакка алынды.