Дүйнө

Трамп менен Байдендин акцияга чыккан тарапташтары атыша кетти

Акцияга жалпы миңдей адам чыкканы айтылды. Жыйынтыгында митингдин 23 катышуучусу кармалган.

АКШда азыркы президент Дональд Трамптын тарапташтары менен демократ Жо Байдендин митингге чыккан шайлоочуларынын тынчтык акциясы мушташ, ок атышуу менен аяктады. Бул тууралуу NBC телеканалы кабарлады.

Окуя Вашингтон штатынын Олимпия шаарында болгон. Анда бир адамга ок тийген. Шаардагы полициянын сержанты Даррен Райттын айтымында, ок чыгарган адам колго түшүрүлдү.

​Күч түзүмдөрүнүн өкүлү эки тарап тең кагылышууга жакшы даярданып чыкканын белгиледи.

«Эки митингдин тең катышуучулары куралдарын даярдап алышкан. Бир күн ичинде башка да кагылышуулар болгон», — деди Райт.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт