КоомОкуялар
Маанилүү

Токтогулдук аксакал «Биримдик» партиясынын талапкерин уяткарды

Кечээ, 15-сентябрда “Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо партиясынын үгүт кербени Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушуу ѳткѳрдү. Партия лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров партиянын программасы менен тааныштырып өттү.

“Эмне үчүн “Биримдик”? Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов “Евразиялык интеграциянын   артында биздин  келечек турат” деп айткан. Социалдык демократия – бул СССРге кайра кайтуу эмес, бул биздин басып өткөн жолубуз” деди ал.

Ал жергиликтүү бийлик органдарына  кайрылып, кайсы бир партия үчүн административдик ресурсту колдонбой, бардык партияларга бирдей шарттарды түзүп берүүгө, шайлоо ѳнѳктүктѳрүнүн жүрүшүнѳ кийлигишпѳѳгѳ чакырды.

“Биримдик” партиясынын программасында маданият тармагына чоң көңүл бурулган, анын алкагында райондо музейлер, маданият үйлөрү жанданат, туризм тармагы өнүктүрүлөт” деди. Токтогул районунан депутаттыкка талапкер Нурбек Тотонов да сөз сүйлөп,  райондун көйгөйлөрүн чечүү үчүн болгон күч аракетин жумшоого токтогулдуктарга убада берди.

Ал эми эл арасынан сөз сүйлөө үчүн чыккан Шайлоо аттуу аксакал «Биримдик» партиясын колдой турганын жана бул партиянын келечеги бар экенине токтолуп, партиянын Токтогулдан ат салышып жаткан талапкери Нурбек Тотоновго нааразычылыгын билдирип, «Азыртан араңарга ууруларды кошуп алсаңар биз эмне кылабыз?» деди:

«Биз биргебиз, биз силерди колдойбуз! Өмүрүңөр узун болсун. Бирок, Токтогулдан татыктуу талапкер тандап албаптырсыңар. Бирөөнү гана, Тотонов Нурбек эгер элге жакшылык кылса, бизде «кварц» деген сатылат. 1000 тонна «кварцты» алып чыгып кеткен, салыкты төкпөй. 2-3 миллион түшүш керек эле. Азыртан араңарга ууруларды кошуп алсаңар биз эмне кылабыз? Эмне үчүн бирөө эле, эки-үчөө болсо… Биз шайлайбыз, бирок тазасын!»

Жолугушуунун аягында райондун аксакалдары баталарын беришип, талапкерлерге ийгилик, жеңиш каалашты.

Эске салсак, Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Үгүт иши 4-сентябрда башталган.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button