КоомОкуялар
Маанилүү

🔴ТҮЗ ЭФИР: “Ала-Тоо” аянтында “Кул болбо” тынчтык митинги өтүп жатат.

"Биримдик" партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун " 30 жыл эгемендүүлүктө жүрдүк, эми ойлонуп үйгө кайтышыбыз керек. Евразия өлкөлөрү интеграцияланышып, биригишибиз керек", - деген билдирүүсү элдин нааразычылыгын жаратты.

Жуманын аягында Аманкуловдун буга чейин Москвада орус депутаттары менен жолугушууда айткандары тартылган видео тараган. Анда Аманкулов «Евразиялык Экономикалык Биримдик түзүлгөнү менен элдин ортосунда байланыш жетишсиз болуп жатканын, ал азырынча элдик уюм эмес экенин» билдирген. Андан сырткары өзү төрагалык кылган «Биримдик» партиясы тууралуу сөз кылып, анын башкы идеясы «Евразиячылык» экенин, алар ошого умтуларын кошумчалаган.

«Биздин 30 жылдык көз карандысыздыгыбыз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразиянын жалпы аймагында бириккен гана мамлекет Евразияда эгемен мамлекет боло алат. Биз кыргыздар өзүбүздү субъект катары жоготуп албаш үчүн чогуу интеграцияланышыбыз керек», – деген Аманкулов.

Бул видео социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Бир катар колдонуучулар аны өлкөнүн «эгемендигине шек келтирди» деп айыптап, «кошоматчылык, чыккынчылык» боюнча күнөөлөп чыгышты. Мындан улам «Баштан башта» деп аталган кыймыл 27-сентябрда Бишкектеги Ак үйдүн алдында «Кул болбо» деген аталыштагы нааразылык акциясын өткөрүп жатат.

Толугу менен
Back to top button