Окуялар
Маанилүү

ТИМ: «Түрк элчиси Айдарбековду сөккөн эмес, окуя такыр башкача болгон»

Буга чейин айрым маалымат сайттары «Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фырат Кыргызстандын Тышкы Иштер министри Чыңгыз Айдарбековду сөккөн» деген маалымат таратышкан. Ал сайттар бул маалыматты Дипломатиялык Академиянын экс-проректору Кайрат Осмоналиевдин сөзүнө таянып жазышкан.

Мындай маалыматтын калп экенин ТИМдин маалымат катчысы Уланбек Дыйканбай билдиргенин «Коом Пресс» сайты жазып чыкты:

«Окуя бурмаланып кетиптир. Элчи эч качан министрдин аброюна шек келтирген эмес. Анын баарын ачыктай албайбыз. Бирок элчинин сөгүнгөнү боюнча маалымат так эмес.  Биздин элчилер жана башка өлкөнүн ичине дайындалып келген элчилер дипломатияны бекем карманат. Мен жарандарды мындай маалыматка ишенбөөгө чакырам»-деп айтылат маалыматта.

 

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт